Ысык-Көл фондунда мамлекетке ири зыян келтирүү фактысы иликтенүүдө

Cүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Башкы прокуратура Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда коррупциялык иштер аныкталганын, мамлекетке дээрлик 193 миллион сом зыян келтирилгенин билдирди.

Көзөмөл органы 17-февралда тараткан маалыматта, фонддун ишмердигин текшерүү маалында 2019-2022-жылдар аралыгында жооптуу кишилер кызмат абалынан кыянат пайдаланганы ачыкка чыкканы айтылат.

Расмий кабарда белгиленгендей, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен жеке жактар ортосунда түзүлгөн жемкорлук схемасынан улам мамлекет тарткан зыяндын көлөмү 192 миллион 843 миң сом деп такталган. Азырынча буга кимдердин катышы бар экени жана кандай мыйзамсыз иштер жасалганы тууралуу маалымат берилген жок.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен иш козголуп, материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү.

2018-жылы "Агропромсоцкурулуш" бирикмеси бийликти Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондундагы коррупциялык көрүнүштөргө көңүл бөлүүгө чакырган.

Анда Кумтөр алтын кенинен жылына түшкөн 500 миллион сом мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, жең ичинен "жем болуп" жатканы көрсөтүлгөн.

Фонддун бюджети Кумтөр алтын кенинин кирешесинин 1 пайызынан куралат. (SE)

Дагы караңыз

Эркин Орусияны эңсеген Навальныйдын жолуМатраимов иши: депутаттарды мандатын тапшыртуу талабыБорченов: Эл акысын жегендердин тоюн алып барбайм