Навальныйдын басма сөз катчысы оппозиционердин өлүмүн ырастады

Орусиянын түрдүү шаарларында жарандар Навальныйды эскерип жатышат.

Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш анын өлүмүн ырастады.

"Алексей Навальный өлтүрүлгөн. Ал 16-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:17де үзүлгөн. Бул тууралуу Алексейдин апасына берилген расмий билдирүүдө жазылган. Колониянын кызматкери Навальныйдын сөөгү Салехардда экенин билдирди", — деп жазды ал X социалдык тармагына.

Ярмыш Навальныйдын өлүмү боюнча расмий корутунду жакындарына бериле электигин кошумчалады. Саясатчынын санаалаштары анын сөөгүн тез арада үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлаган. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган. Акыркы күндөрү ал Салехард шаарындагы колонияда болгон.

Ишембиде таңга маал оппозиция лидеринин апасы Людмила Навальная Салехардга учуп барганы белгилүү болду.

Дүйнө коомчулугу Навальныйдын өлүмү үчүн Путиндин режимин айыптоодо. Кремль азырынча буга комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Борченов: Эл акысын жегендердин тоюн алып барбайм"Өлгөн уйдун эти дешет". Өкмөт адал индустрияны кантип өнүктүрөт?Катаал режимдин беткабын сыйрыган Алексей Навальный