АКШнын жаранынан акча талап кылган деген шек менен кармалган Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы үй камагына чыкты. Мындай токтомду Ош шаардык соту 15-февралда кабыл алганын “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, 2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШнын жараны облустук милициянын бөлүм башчысына (К.И.А.) зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча Кыргызстандын жаранына (М.Н.М.) чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы арыз жазылган адам менен келишип алып, АКШнын жаранынан (Н.Б.) 2 миллион сом талап кылганы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү 13-февралда кармалган.
Тергөөдө акчаны алуу үчүн М.Н.М. аттуу жаранды облустук милициянын бөлүм башчысы жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткени такталган. (BTo)
Дагы караңыз
Кара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алындыКүн сууктаганына байланыштуу мектептер кыскартылган график менен иштейтЖапаров Мишустин менен ЕАЭБ ичиндеги маселелер жөнүндө сүйлөштүCPJ: Былтыр дүйнөдө 99 кабарчы каза болду, бул 2022-жылга салыштырганда 44% көп ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетип, 104-орунду ээледи