Латвияда бүгүн 15-февралда каттоо номуру орусиялык автомашиналарды конфискациялоого уруксат берүүчү мыйзам иштей баштады. «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына ылайык, машинасы ошондой латвиялык жарандар 14-февралга чейин жергиликтүү каттоодон өткөрүп же өлкө аймагынан тышка чыгарып коюуга милдетүү болчу.
Номуру орусиялык транспорт каражаты конфискация болгон жарандар 750-2000 евро өлчөмүндө айыппул төлөөгө да милдеттүү болорун, жаңы эреженин дипломатиялык, транзиттик жана өлкө аймагында бир суткадан ашык эмес убакыт жүрө турган машиналарга тиешеси жок экенин Латвиянын ички иштер министри Латвии Рихардс Козловскис билдирди.
Латвия аркылуу транзит менен өтүп барактан машиналардын ээлери алдын ала атайын сайт аркылуу билдирме жөнөтүүгө милдеттүү.
Delfi басылмасынын маалыматына караганда, тартып алган автомобилдерди өкмөт тилектештик иретинде Украинага өткөрүп берет.
Европа Биримдигинин Орусия менен чектешкен бардык өлкөлөрү былтыр күзүндө орусиялык машиналардын кирүүсүнө тыюу салышкан. (RK)
Дагы караңыз
Путин Украинадагы согушту кеч баштаганына өкүнөт“Кемпирабадчылар” соттон президент баштаган аткаминерлерди күбө катары суроону талап кылыштыЖылуулук борборундагы жарылууда жараат алгандардын абалы жакшыра баштаганы кабарландыОрусия Белгороддо ракета чабуулунан беш жараны каза болгонун билдирди