Талаштуу ЖМК мыйзамы комитеттен өткөн жок

"Азаттыктын" коллажы.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин колдоосун тапкан жок. Жыйынга катышкан алты депутаттын үчөө "макул", үчөө "каршы" добуш берди.

Мыйзам долбоорун экинчи жолу добушка коюу аракети болуп, бирок кворум чогулбай калды. Документ буга чейин да эки комитеттен дароо кабыл алынбай, каршылыктар болгон.

Экиге бөлүнгөн алты добуш, кайра кароо аракети

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Чыңгыз Ажибаев, Жамиля Исаева, Дастан Жумабеков колдосо, Жанарбек Акаев, Гуля Кожокулова жана Замирбек Мамасадыков “каршы” добуш беришти. Алты депутаттын добушу тең бөлүнүп, комитеттин төрагасынын орун басары Ажибаев документ четке кагылганын айтты.

Буга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов макул болгон жок.

"Четке кагылган жок да. Үч-үч болбодубу. Бул комитети "ооба", "жок" десеңиздер да биз кийинки комитетте карайбыз. Сессияга алып чыгылат", - деди Абытов.

Буга комитеттин төрагасынын орун басары Чыңгыз Ажибаев мыйзам долбоору көпчүлүктүн добушу менен өтүшү керек деп жооп берди. Бирок жыйын аяктап калган учурда комитеттин дагы бир мүчөсү, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну суранды. Ал талкууга катышканы менен чечим кабыл алына турган учурда комитеттин жыйынында жок болчу.

Нурланбек Азыгалиев.

"Суроо бергенде эле "ЖМК боюнча мыйзам резонанстуу маселе, бирок концепциясын колдошубуз керек" деп айтып кеттим эле. Добуш берүү учурунда мен жок болуп калдым. Экинчи маселени дагы бир жолу добушка коюп берүүнү суранам. Мен өзүмдүн добушумду берсем болобу?".

Бул учурда Жанарбек Акаев менен Гуля Кожокулова жыйындан чыгып кетип, комитетте кворум болбой калды. Нурланбек Азыгалиевдин суроосуна Чыңгыз Ажибаев мындай деп жооп кайтарды:

"Башынан добушка коюшубуз керек да. Азыр сиздин добушуңуз менен эч нерсе чечилбейт. Өзүңүздөр көрдүңүздөр. Кворум жоктугунан 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялайлы. Андан кийин жолугабыз".

Бирок Чыңгыз Ажибаев айткандай 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин комитеттин жыйыны уланган жок. Буга депутаттардын кайра чогулбай койгону себеп болгон.

Негизи Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин 11 мүчөсү бар. Алардын үчөө, Чолпон Султанбекова, Жусуп Коргонбай уулу жана Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен бирге Мажарстанда (Венгрия) иш сапар менен жүрүшөт.

Ал эми комитеттин дагы бир мүчөсү Мейкинбек Абдалиев 13-февралдагы комитеттин жыйынына келген жок. Ушундан улам кворум маселесинен улам талаштуу мыйзам комитеттин колдоосуна ээ болгон жок.

Парламенттеги талкууга катышкан "Говори ТВ" медиасынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова ЖМКга байланыштуу документти экинчи аракет менен комитеттен өткөрүп кетүү аракетин мыйзамды сыйлабастык катары бааласа болорун айтат.

Кайыргүл Урумканова.

"Мыйзамды жогору койгон Конституциялык комитеттин регламентти бузууга аракет кылганы мыйзамды, регламентти сыйлабастык болуп калат. Анткени комитетте чечим кабыл алынып, азыркы мыйзам четке кабыл алынды. Регламент боюнча, үч "макул, үч "каршы" добуш болуп калса, анда кабыл алынбай калды деп эсептелинет экен. Ушундан кийин ушул суроону добушка койгону регламентти бузган болуп эсептелет. Депутаттар мындайга барбаш керек болчу".

Негизи талаштуу ЖКМ мыйзамы алты комитетте каралып, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылышы керек. Буга чейин Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети долбоордун концепциясын кабыл алган.

Демек, мыйзам долбоорун дагы үч комитеттин мүчөлөрү талкууга алат. Эң аягында документ жооптуу деп эсептелген Социалдык саясат боюнча комитеттин кароосунан өтүшү керек.

Медиалардын эркин чектей турган "эки эскертүү"

Кыргыз өкмөтү сүрөп жаткан ЖМК мыйзамы 55 беренеден туруп, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Анын бир нече беренеси боюнча талаш пикир жаралууда.

Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Документте маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, жалпы түшүнүктөр жазылган.

Мындан тышкары кайсы бир редакция бир жылдын ичинде аталган мыйзамдын талаптарын эки жолу бузса, анда анын каттоосу жокко чыгат. Дал ушул эки берене бийликке жакпаган медиалардын ишин токтотууга жол ачат деген чочулоо бар.

“Медиа полиси институту” уюмунун юристи Акмат Алагушев 13-февралда Жогорку Кеңештеги талкуу маалында мыйзамды коргоп жаткан өкмөт өкүлдөрүнө мындай деди:

Акмат Алагушев

"Азыркы убакта деле иштер козголуп атат, соттор өкүмдү чыгарып жатат. Кылмыш кодексинин "Кастыкты козутуу" деген бир гана берене боюнча соцтармактарда маалымат тараткан бир нече адам жаза алды. Соцтармактарда маалымат тараткан адамдар, веб сайт эмес. Демек, дагы эмне жетишпей жатат? "Бийликти күч менен кулатууга чакырык" деген берене иштеп жатат. Жарандык жана административдик кодекстерде бүт кабыл алынган. Демилгечилерден сурайт элем: эмне жок, эмне жетишпей жатат? Сунуштап жаткан мыйзамда Маданият, маалымат министрлиги маалымат каражатына эки ирет эскертүү берип, анын ишмердигин токтотуп кое алат. Анан сотко берип, сот ал чечимди нотариус катары эле бекитип берип жатат. Дал ушундай эле түшүнүк".

Эгерде документ ушул вариантта кабыл алынса, журналисттер бардык мамлекеттик мекемелерден аккредитациядан өтүшү керек. Башкача айтканда, кайсы бир облустагы мамлекеттик мекеме журналистти аккредитациядан өткөрбөй, маалымат бербей коюуга шарт түзүлөт.

Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоору чала экенин айтууда:

Жанарбек Акаев.

"Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Бул абдан чала долбоор. Аны артка кайтарып, жеткире иштеп чыгуу керек. Бул мыйзам аркылуу ар бир район, облустардын башчылары менен журналисттерди кайраштырганы турасыңар. Журналисттердин ишмердигине, сөз эркиндигине доо кетиргени жатасыңар. Түз эфирде айтылган сөз үчүн журналист же ЖМК жооп берет деп жазылып турат. Алар түз эфир учурунда ким, эмне деп сүйлөп жиберерин алдын ала кантип билишет?".

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов мыйзам долбоорунун негизги баяндамачыларынын бири. Ал депутаттардын сунушу эске алынып, экинчи окууда айрым өзгөртүүлөр киргизиле турганын билдирди. Алардын бири аккредитация маселеси боло турганын буга чейин айтып берген.

Чыңгыз Эсенгулов.

“Медиа өкүлдөр, депутаттар ошол аккредитация маселесине кооптонуп жатышат. Кенедей оорукана же мекемеге барыш үчүн журналист аккредитация алышы керек. Бул бир аз туура эмес формада жазылып калган. Кайра карап чыгабыз. Кайра каттоо боюнча, Санарип министрлигинде веб-сайттар сөзсүз катталышы керек деген позициядабыз. Юстиция министрлигиндеги теле-радио, журнал-гезиттер дагы кайра катталуусун колдойбуз”.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

9-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту көз карандысыз Kloop Media порталын жабуу тууралуу чечим чыгарган. Ага чейин Атайын кызмат 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басып, техникасын алып кеткен. Анын жетекчиси жана редактору суракка алынган.

Мындан тышкары "Temirov Live" редакциясынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкери “Массалык башаламандыктарга” айыпталып, сот чечими менен эки айга камакка алынган.