Украинанын Днепр шаары бүгүн да дрон чабуулуна кабылды

Украина. Архивдик сүрөт.

Орусия Украинанын Днепр шаарына учкучсуз учактар жана баллистикалык ракеталар менен жапырт чабуулун бүгүн 13-февралда да улантты. Шейшембиге караган түнү кеминде эки ракета жана дрондордун төрт тобу шаарга түштүк, чыгыш жана түндүк тараптан сокку урганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Днепр шаарынын мэри Борис Филатов чабуул жарандык инфраструктурага багытталганын Фейсбукка жазды.

"Днепр Инфо" телеграм-каналынын маалыматына караганда, соккунун кесепетинен ДТЕК Енерго компаниясынын электр станциясынын жабдыгы катуу талкаланды. Компаниянын иши токтоду. Баштапкы маалыматка караганда, адамдар арасында жабыркагандар катталган жок.

Электр станциясынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан шаардын бир бөлүгү жарыксыз калды. "Днепроводоканал" коммуналдык ишканасы ондогон үйдө таза суу менен камсыздоо токтогонун билдирди.

Аскерлердин маалыматына караганда, Днепропетров, Запорожье жана Херсон облустарынын чек ара тилкелеринде Орусия учурган 23 учкучсуз учактын 16сын атып түшүрүштү.

Адамдар арасында жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

12-февралда да Днепр шаары Орусиянын дрон чабуулуна кабылган. (RK)