Президент Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жолдогон катынын текстин анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов 12-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда президент Блинкендин 17-январда жазган катын алганын жана эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда Жапаров Блинкендин катынын мазмунунда "мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм” деп билдирген.
Жапаров “Чет өлкөлүк өкүл” деп аталган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыкканын билдирип, анын максаты “өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналарын” белгилеген.
"Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасында иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда. Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар" деп айтылат Жапаровдун катында.
Ошондой эле президент Кыргызстанда сунушталган мыйзам долбоору АКШда кабыл алынган Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин белгилеп, “эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?”-деген суроо салган.
Садыр Жапаров көпчүлүк өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатканын белгилеп, "алардын аз гана бөлүгү, чет мамлекеттерден каржыланып жаткан, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү гана өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалыматтарды таратып жатышат" деп жазган. Ошондой эле грант алган уюмдарга аудит жүргүзүп көрүүнү сунуштаган.
"Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам. Урматтуу Мамлекеттик катчы мырза, мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, Сиз “америкалык айрым өнөктөштөрдүн” кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргыз Республикасындагы ишин улантат деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматуу Блинкен мырза, Сизди өлкөбүзгө келип, Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен бекем корголуп жаткандыгын өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз деп чакырам. Кыргызстандан Сиз дайыма чыныгы досторду табасыз деп ишенем. Ошондой эле биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм.Болгону, менин бир эле өтүнүчүм бар – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер" деп аяктаган катын Садыр Жапаров.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Садыр Жапаровго кат жолдогону 7-февралда маалым болгон. Блинкен катында эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.
Ал эгер "Чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыктарынын бирине коркунуч келтирерин кошумчалаган.
9-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге президент Садыр Жапаровдун Энтони Блинкендин катына жообун тапшырганы белгилүү болгон. Бирок анда жооп каттын мазмуну айтылган эмес.
Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.
23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.
“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% шайкеш келерин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.