Пакистан: Хандын партиясынын колдоосунда өз алдынча аттанган талапкерлер алдыда

Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын жактоочулары, Пешавар, 11-февраль, 2024-жыл

Пакистандагы парламенттик шайлоонун соңку бейрасмий жыйынтыктары көрсөткөндөй, түрмөдөгү экс-министр Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер алдыга чыкты. Алар алдын ала эсеп боюнча 93 мандат алат. Мындай маалымат 11-февралдын кечинде шайлоо комиссиясынан алынды.

75 мандат мурдагы премьер-министрлердин бири Наваз Шарифтин «Пакистан мусулмандар лигасы» консервативдүү партиясынын талапкерлерине тийет. Ал эми киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» парламенттен 54 орун алат. 37 орун шайлоодо тиешелүү добуш топтогон майда партияларга берилет.

Көпчүлүк коалицияны тузүү үчүн 169 мандат болуш керек.

Улуттук жыйындагы 336 орундун 266 тике добуш берүү менен аныкталса, 70 мандат (60ы аялдарга жана 10у мусулман эместерге) квота аркылуу берилет.

Шайлоонун мындай жыйынтыгы көптөр үчүн күтүүсүз болду. Анткени аскерлердин ишенимдүү колдоосуна таянган Шарифтин партиясы жеңип чыгат деп боолголошкон. Коррупциядан тарта, мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салган болчу.

Пакистан парламентинин төмөнкү палатасына жана төрт провинциянын мыйзам чыгаруу органдарына шайлоо 8-февралда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү.

Дагы караңыз

Ардагер Сартаевдин кармалышы суроо жаратты IMF: Газа тилкесиндеги согуш дүйнөлүк экономикага коркунуч алып келетКиев согушта орус аскерлери Starlink колдонуп жатканын билдирди