Кара-Балтада кишинин жиликтенген сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

9-февралда кечке жуук Кара-Балта шаарындагы темир жолдун боюнан эркек кишинин жиликтенген сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Чүй облустук милициясы билдиргендей, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жайыл райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден белгисиз адамдын сөөгүнүн бөлүктөрү жана кийимдери табылганын билдирди.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде маркумдун тек-жайы такталды, ал 4-январдан бери дайынсыз жоголуп издөөгө алынган Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Д.Э. экени аныкталды. Мындан тышкары бул кылмышка шектүүнүн да тек-жайы такталып, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жайыл районунун тургуну 34 жаштагы С.А. кармалды", - деп жазылган маалыматта.

Милиция маалымдагандай, 2-январь күнү Д.Э. жана С.А. чогуу спирт ичимдигин ичип, чыр чыкан. Мушташта Д.Э. каза болуп калган. 4-январь күнү С.А. маркумдун сөөгүн жиликтеп, Кара-Балта шаарында темир жолдун боюндагы гараждардын артына ыргытып жиберген.

Тергөө иштери уланып жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, коомдук жайларда кылмыштардын саны 26% төмөндөгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусиялык активист президент Путинге каршы "нацизмди актаганы үчүн" арыз жаздыАкылбек Жапаров түрк ишкерлерин кен казууга инвестиция салууга чакырдыОрусияда укук коргоочу Бахрам Хамроев айып тергөө абагына камалдыКыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөт