Орусиялык активист президент Путинге каршы "нацизмди актаганы үчүн" арыз жазды

Владимир Путиндин журналист Такер Карлсонго берген маеги 9-февралда жарыяланган.

Орусиялык саясий активист Сергей Антонов Тергөө комитетине президент Владимир Путинге "нацизмди реабилитациялаганы үчүн" кылмыш ишин козгоо арызы менен кайрылды. Антонов Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсонго маек куруп жатып, "Путин Гитлерди актаганын" айткан. Активист Путиндин "Польша нацисттик Германияны өзүнө кол салууга мажбур кылганын" айтканы нацизмди актоо деп эсептейт.

Антонов арызында президент Путиндин "Поляктар ашынып кетип, Гитлерди экинчи дүйнөлүк согушту баштоого мажбур кылышкан" дегенин жана "эмне үчүн согуш 1939-жылы 1-сентябрда Польшадан башталган: алар кепке келбеген - Гитлердин Польшага каршы согуш ачуудан башка аргасы калган эмес" деген цитаталарын мисал кылган.

Антонов Путиндин бул сөздөрү маалымат каражаттары жана соцтармактар аркылуу тарап жатканын белгиледи. Ал мында "кызмат абалын жана маалымат каражаттарын пайдалануу" менен жасалган кылмыштын белгиси бардыгын бекемдеп, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштоону талап кылды.

Сергей Антонов — "Комитет-2024" бирикмесинин башчы. Бирикме "Путин режимин жокко чыгарууну" максат кылат. Комитет мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, Владимир Путинди президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартууну талап кылган. Бирикме буга шайлоочулардын колун чогултуу учурунда жапырт мыйзамсыздыкка жол берилгенин себеп кылган.

Антонов — политтехнолог, "Эркин Удмуртия" кыймылынын мүчөсү. 2022-жылы ал Удмуртиянын жетекчилигине талапкерлигин койгон. Көп өтпөй шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузууларды себеп кылып, талапкерлигин алып салган. Кийинчерээк саясий куугунтуктан улам Орусиядан чыгып кеткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-февралда америкалык журналист Такер Карлсонго маек куруп, Украинадагы согуш, батыш менен мамиле, Орус мамлекетинин тарыхы тууралуу айтып жана башка суроолоруна жооп берген.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров түрк ишкерлерин кен казууга инвестиция салууга чакырдыОрусияда укук коргоочу Бахрам Хамроев айып тергөө абагына камалдыКыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөтСот "Клоопту" жоюу тууралуу чечим чыгарды 2022-жыл акыркы 14 жылда «‎шенген» берилбей рекорд койгон жыл болду