Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медал утту

Бекдөөлөт Расулбеков мелдеш учурунда. Өзбекстан, Ташкент шаары. 9-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков 9-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, Расулбеков 102 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыкты. Ал булкуп көтөрүүдө 173 килограмм, түртүп көтөрүүдө 213 килограмм, жалпы 386 килограмм салмакты көтөрдү.

Бул салмакта алтын байгени Өзбекстандын Акбар Жураев утуп алды. Ал булкуп көтөрүүдө 180 килограмм, түртүп көтөрүүдө 220 килограмм салмак, жалпы көрсөткүчтө 400 килограмм көтөргөн. Коло байгени тайпейлик Жень-По Чен утту. Ал жалпы көрсөткүчтө 382 килограмм көтөргөн.

Күмүш медаль ээси Бекдөөлөт Расулбеков (солдо) алтын байге ээси Акбар Жураев (ортодо) жана коло байге ээси Жень-По Чен. Ташкент шаары. 9-февраль, 2024-жыл.

Мелдешке 102 килограммга чейинки салмакта 13 спортчу катышты.

Буга чейин кыргыстандык оор атлетчилер Эмил Молдодосов (89 кг), Нурсултан Тармалов (96 кг) жана Татьяна Мельниченко (76 кг) коло медаль утушкан.

Бекдөөлөт Расулбеков 27 жашта. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 6-орунду ээлеген. 2022-жылы Түркияда өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында коло байге уткан. (GT)