Сырский украин армиясынын алдында турган башкы милдеттерди атады

Александр Сырский.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы дайындалган башкы командачысы Александр Сырский 9-февралдагы кайрылуусунда алдыда турган негизги милдеттерди атады.

Биринчи кезекте сөз «бардык аскердик башкаруу органдарынын ишин Украинанын өнөктөштөрүнөн күтүлүп жаткан эң жаңы курал-жарак муктаждыгын эске алуу менен так жана деталдуу пландоо» тууралуу болуп жатканын белгилеген Сырский «аскердик бөлүктөргө зарыл нерсенин баарын эң тез жана рационалдуу бөлүштүрүү, жеткирүү аскердик логистиканын негизги иши болуп кала берерин» айтты.

«Аскер кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы украин армиясынын негизги баалуулугу болгон жана боло берет. Демек, аскердик милдеттерди аткаруунун жана аскердик бөлүктөрдү окутууну күчөтүп, жеке курамды даярдоо аркылуу калыбына келтирүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту сактоо өтө актуалдуу мааниге ээ», – деди Сырский.

8-февралдын кечинде украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйды иштен алып, анын ордуна буга чейин жердеги аскерлерди башкарып келген Александр Сырскийди дайындады. Муну ал согуштун стратегиясын кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

Сырский 58 жаштагы генерал-полковник. Азыркы кызматка дайындалганга чейин 2019-жылдын августунан бери Украинанын Жердеги аскерлерин жетектеп келген.

Бүгүн 9-февралда Зеленский Залужныйга Украинанын Баатыры наамын ыйгарды. Ушундай эле наам менен Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов сыйланды. (RK)

Дагы караңыз

Сот «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды Азия кубогунда "Ак шумкар" алын сынады Сот "Клоопту" жоюу тууралуу чечим чыгарды Сот «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюуну чечти