Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдөгү сарайда асынып алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, окуя 6-февралда болгонун кабарлады.
Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок маркумдун жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн.
“Азыркы учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган. (BTo)
Дагы караңыз
Журналист Азият Жекшеев соттон чакыруу кагаз алганын билдирдиУкраина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Бишкек ЖЭБи ушуга чейин кышкыга пландалган көмүрдүн 62% алганын билдирдиЖалал-Абад шаарынын бюджети быйыл миллиард сомго жеткирилетСоциалдык мекеме тургундарынын тамак-аш акчасы 100% көбөйдүБишкекте чет элдик жаран "алдамчылыкка" шек саналып кармалдыБишкектин борбордук көчөлөрүнөн миңдей кичи автобус чыгарылды