Кыргызгидромет агенттиги 12-февралга чейин өлкөнүн тоолуу райондорундагы жолдорго кар көчкү түшүшү ыктымалдыгын эскертти. Айдоочуларга автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.
10-февралда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 11...16,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -5...-10°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 14…16° градус жогору болот.
Дагы караңыз
Украина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Баткенди өнүктүрүүгө каралган акчага 36 долбоор ишке кирдиБишкек ЖЭБи ушуга чейин кышкыга пландалган көмүрдүн 62% алганын билдирди