Бишкекте чет элдик жаран "алдамчылыкка" шек саналып кармалды

Кылмышка шектүү чет өлкөлүк жаран. Бишкек. 9-февраль, 2024-жыл

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы чет элдик жаран алдамчылыкка шек саналып кармалганын маалымдады. Милицияга былтыр ноябрда чет элдик жаран кайрылган. Ал Х. аттуу башка бир чет элдик ага жумуш иштөөгө уруксат кагазды жана жумуш визасын алып берем деп 2800 долларын алып, убадасын аткарбай койгонун билдирген.

Бул факты боюнча Свердлов милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("алдамчылык") менен иш козгоп, анын алкагында 38 жаштагы чет элдик жаранды кармаган.

Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда түрдүү жумуштарга тартылган чет элдиктердин канчасы мыйзамсыз иштеп жатканы белгисиз.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы маалыматына караганда, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда иштөөсү үчүн 16 600 квота бөлүнгөн. Ага ылайык, эмгек квотасын көбүнчө чет өлкөлүк же кыргызстандык ишкерлер менен кызматташкан ишканалар алат.

Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө жумушчулардын саны жетишпей жатканын, өзгөчө тигүү тармагына жана кара жумушка иштөөчү адамдардын жетишсиздигин белгилеп келет.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу быйыл жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктардын 29% эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири деп жумушсуздукту аташкан. (ZKo)

Дагы караңыз

Баткенди өнүктүрүүгө каралган акчага 36 долбоор ишке кирдиБишкек ЖЭБи ушуга чейин кышкыга пландалган көмүрдүн 62% алганын билдирдиСоциалдык мекеме тургундарынын тамак-аш акчасы 100% көбөйдүБишкектин борбордук көчөлөрүнөн миңдей кичи автобус чыгарылдыAmnesty international эркиндикти чектеген мыйзамдарды кайра карап чыгууга чакырды