Дүйнө мурун болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүп жатат. Окуялардын өңүтү түп-тамыры менен алмашып, эртеңки күндү божомолдоо күндөн күнгө кыйындап баратканына күбөбүз. Технологиялардын укмуштуудай ылдам өнүгүүсү, маалыматтын эбегейсиз көлөмү жана жайылуу ылдамдыгы, коммуникациялык каналдардын түрдүүлүгү, ааламдашуунун масштабы, миграциялык агымдар, климаттын өзгөрүүсү, жасалма интеллект, эл аралык окуялар, кризистер, конфликттер ж.б... Булардын баары дүйнөбүздү аялуу, морт, келечекти мерчемдөөгө мүмкүн болбогон абалга алып келди.
Мисалы, акыркы жылдардагы эле коронавирус пандемисынын дүйнөдөгү жайылуусу адамзаттын ден соолукка болгон көз карашын, жашоо мүнөзүн бир топ өзгөрттү. Андан ден соолукка кам көрүү керек экендигин даана түшүндүк окшойт. Жашообузга “алыстан иштөө”, “онлайн окуу”, “аралыктан байланыш” деген түшүнүктөр кирди. Бүгүнкү күндө технология жаатындагы жаңылыктарды жөнөкөй турмушта колдонууну мындай кой, өнүгүү трендин байкаганга жетишпей калуудабыз.
Албетте, мындай өзгөрүүлөр күнүмдүк турмушка да таасирин тийгизет. Жумуш, карым-катнаш, билим алуу, акча табуунун жаңы форматтары пайда болду. Жумуштун формасы мурунку биз көнгөндөй эмес. Акыркы изилдөөлөр боюнча эмгек рыногунда санариптик платформа эле 2010-жылга салыштырмалуу 5 эсе көбөйдү. Алдыбыздагы 25 жылда кесиптердин 45% керексиз деп табылат экен. Бул 4 миңге жакын кесип жараксыз болот дегендик. Ошондон улам жаңы муундун баалуулуктары, дүйнө таанымы, жашоого көз карашы, көндүмдөрү, колдонгон коммуникациясы да, албетте, биздикинен таптакыр башка болору турган иш. Мурун карьера бир кесип менен чектелсе, учурда үч-төрт кесип, ага кошумча түрдүү тажрыйбага ээ болуу замандын талабы болуп калды.
Ааламдагы зуулдаган өзгөрүүлөрдүн жана бүтпөгөн кризистердин таасиринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу зарыл болгондой эле, жаңы шарттагы атаандаштыкта ат салышуу да абдан манилүү. Бүгүн эгер сен алган билимиңди, көндүмдөрүңдү жаңылабасаң, ушуга чейинки компетенцияң, тагыраак айтканда, билген нерсең эки жылда 50% жоготууга учурай тургандыгы маалым болду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Акыркы 200 жылда дүйнөдө орточо статистикалык бир ишкана (компания) 75 жыл өмүр сүргөн. Мындайча айтканда, 75 жыл ичинде түптөлүп, ишмердигин жүргүзүп, анан кандайдыр бир себеп менен жабылып калган. Бул тенденция 1990-жылга чейин өзгөрүүсүз уланган. 1990-жылдан кийин бир компаниянын ишмердик мөөнөтү орточо 15 жылга кыскарган. Буга дүйнөдөгү олуттуу өзгөрүүлөр себеп болгон. СССР тарап, Берлин дубалы кулап, ааламдашуу процесси тездик менен жайылып, интернет күнүмдүк турмушка кире баштаганы чоң роль ойногон. Ал эми жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында пандемиядан кийин, тактап айтканда, 2020-жылдан кийин бир компания орточо жети жыл гана өмүр сүрөт деп божомолдонууда. Телекоммуникация, компьютердик технологияларга окшогон тармактарда бул көрсөткүч мындан да кыска. Мындан кандай тыянак чыгарабыз?
1990-жылга чейин бир кызматкер бир жумушка кирип, жаш кезинде алган билими менен 40 жылдай иштеп, пенсияга чыккан. Себеби компаниянын өмүрү 75 жыл болгондуктан, өнүгүүсүнүн туу чокусуна чыгуу үчүн 37,5 жылга жакын убакыт керектелчү. Ал эми учурда бир компания потенциалынын туу чокусуна 3,5 жылда чыгып жатат. Анан эгер өзүн жаңылабаса, төмөндөп, кыйроого ыктайт. Ошондон улам азыркы доордо компания (мекеме) жана айрыкча ал жерде иштеген кызматкер өзүн такай жаңылап туруусу керек. Кыйроо дегенди түз түшүнүп албашыбыз абдан манилүү. “Төмөндөө” деген түшүнүк такай кыйынчылык, кризис, бүтпөгөн көйгөйдү билдирет. Жаңылана албаган өлкө, жамаат, ишкана, кызматкер, инсан ар дайым кризистин, кыйынчылыктын, көйгөйлөрдүн туткунунда калат. Кудум өрт өчүргүчтөй болуп, тутанган отту өчүрүү менен өмүрү өтөт. Ошондуктан “Кантип жаңылануу керек?” деген суроо манилүү болгондой эле, “качан жаңылануу керек?” дегенди да унутпаш керек.
Өлкөбүздүн эгемендикке жеткенден бери кризистен арылбаганы, кыйынчылыктан башы чыкпаганы - коомдун, башкаруучулардын, саясий жана экономикалык институттардын убагында жаңылана албагандыгынын кесепети. Өзгөчө социалдык ченемдерди калыптап, жогору жактан ылдый түшүргөн бийлик өкүлдөрү, мамлекет башкаруучулары дегеле жаңыча иш алып баргысы келбей койду. Бири-биринин каталарын жаттап алгандай эле кайталай берди. Ошондон улам жакырчылыктын, коррупциянын сазынан чыга албай жаткан өлкөбүздө жыл өткөн сайын балдары үчүн жакшы турмуш издеген мекендештерибиз жаңыланган коомдо жашагысы келип миграцияга агылууда.
Жаңылана албаганыбыздын айынан дүйнөдөгү өнүгүү процесстерине кошула албай, адамзаттын жетишкендиктеринен үлүшүбүздү ала албай жатабыз. Салым кошууну мындай кой, турмушубузда колдонууга дагы жөндөм жетишпей жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эмне кылуу керек? Эгер биз өнүккөн өлкөлөр менен бир жыштыкта болобуз десек, анда адам ресурстарынын сапатын кайрадан карап чыгуубуз зарыл. Өлкөбүздүн келечегин аманат кыла турган жаңы муун кандай билимге жана жөндөмдөргө ээ болуусу керек? Дүйнө менен теңтайлашып, адамзаттын универсалдуу баалуулуктарынан үлүшүн алып, адамзаттын өнүгүүсүнө өз салымын кошуу үчүн кандай даярдыктан өтүүсү зарыл? Учурдагы адам ресурстарыбыздын сапаттык деңгээли дүйнөлүк талапка шайкеш келеби? Ушул суроолорго ачык-айкын жооп табышыбыз абдан маанилүү.
Биз эмнеге балдарыбыздын келечегин бир өлкө, чөлкөм, бир географиялык мейкиндик менен чектешибиз керек? Эмне, ар бир кыргыз жараны, Кыргызстанда жашап, дүйнө менен иштей албайбы? Бул кыял эмес, толук ишке аша турган көрүнүш экенин далай мекендештерибиз далилдеп көрсөттү.
Эгер башкаруучулар өзүн жаңылагандын ордуна, башкалардын да жаңылануусуна тоскоол болуп, түркөйлүктү бекемдеп, коомду караңгылыктан чыгарбай, “тормоз” ролун аткара берсе, өлкө тарыхта аты-жыты жок, инновациялык эмес, ресурстук өлкөлөрдүн катарын толуктаары турган иш. Жакынкы келечекте ааламдагы технологиялардын укмуштуудай өнүгүүсүнөн, өндүрүштөгү роботтошуудан улам “арзан” деп мактанып келген адам ресурстарыбыз, тилекке каршы, эчтекеге жарабай калат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.