Матраимовдун мамлекетке өткөн үч миллиарддык мүлкү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облусунда жайгашкан бажылык каттоо жерлери бар. Издөө жарыяланган Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек.