Казынадан бөлүнгөн акча айыл чарбасын жакшыртуу, интенсивдүү кооператив уюштуруу, тике суу кудуктарын казуу, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана муниципиалдык тигүү цехтерин уюштурууга багытталган.
"2023-жыл ичинде Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык казынадан 541 млн 800 миң сом бөлүнүп, 40 иш-чараны ишке ашыруу пландалса, учурда 36 долбоор боюнча иш жүрүп жатат. 17 долбоор пайдаланууга берилип, 19унда иш жүрүп жатат", - деп билдирди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.
2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Министрлер кабинети жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү үчүн казынадан 500 млн. сомдон бөлүп туруу чечимин кабыл алган. 2022-жылы казынадан каражат жыл соңуна жакын бөлүнүп, аны толук ишетүүгө жергиликтүү бийлик жетишпей калган. 2023-жылы облуска 542 млн сомго жакын каражат бөлүндү. 2024-жыл үчүн азырынча каражат бөлүнө элек. (JsA)
Дагы караңыз
Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке алындыТиш доктурда чарчап калган Алиянын өлүмү боюнча маселе ЖКда көтөрүлдүБишкек ЖЭБи борбордун кубаттуулугунун азайганы жөнүндө түшүндүрмө берди