Азербайжанда президенттик шайлоодо Алиев алдыда келе жатат

Азербайжан. 2024-жылдын 7-февралы.

Азербайжанда бүгүн 7-февралда кезексиз президенттик шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында өткөрүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, кечки саат 8ге карата азыркы мамлекет башчы Илхам Алиев добуштардын 90 проценттен көбүн ээлеп, жеңди.

Айрым байкоочулар шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгонун белгилешти. Алардын айтымында, бир катар мыйзам бузуу катталды, бирок расмий комментарий бериле элек.

Шайлоо кийинки жылы өтмөк, бирок былтыр Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өтүп, Алиевдин популярдуулугу өскөн учурда ал добуш берүү мөөнөтүн эртелеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) COP29 климаттык саммити быйыл Азербайжанда өткөнү жатканы да ал үчүн ыңгайлуу жагдай деп сыпатталууда.

Алиев өлкөнү 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин көзү өтүп, бийлик анын колуна өткөндөн бери башкарып келе жатат. Азыр Азербайжанда президент жети жылга шайланат, ал мөөнөтү бүткөндөн кийин деле шайлоого каалашынча катыша бере алат. Алиев ушуну менен бешинчи жолу президенттик шайлоого катышты.

Илхам Алиев башкарган жыйырма жылдан бери өлкөдө саясий дискуссияларды чектеген мыйзамдар кабыл алынды– оппозиционер саясатчылар жана көз каранды эмес журналисттер камалды, камоолор айрыкча шайлоо алдында күчөп турат.

Азыркы президенттен тышкары быйылкы шайлоо бюллетендеринде дагы алты талапкер жазылды, алардын айрымдары Алиевди ачык колдоп, мактап жүргөндөр.

Негизги оппозициялык "Мусават" жана "Азербайжандын элдик фронту" партиялары шайлоого катышуудан баш тартышкан. Алар бул өнөктүктү демократиялык эмес деп аташкан.

"Көптөгөн журналисттер жана саясий активисттер түрмөдө отурушат. Өлкөдө саясий туткундардын саны эки жүзгө чамалады Шайлоо мыйзамдарында олуттуу кемчиликтер бар, шайлоо комиссиялары бийликтен көз каранды абалда турат", – деди Associated Press агенттигине «Мусават» партиясынын лидери Ариф Гаджилы.

Шайлоо мурда Армения менен талашта болуп келген, былтыр күзүндө азери бийлигинин карамагына өткөн, жүз миңден ашуун армян улутундагы тургуну чыгып кетүүгө мажбур болгон Тоолуу Карабакта да уюштурулууда. Өзүн республика деп атап алган бул аймактын мурдагы жетекчилеринин көбүн Азербайжан камакка алган.