ЕККУ кыргыз бийлигине «чет элдик өкүл» мыйзамынын кесепетин эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстандын бийлигине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын кайра карап чыгууга, эгер ал кабыл алынса өлкөдө Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишине, сөз эркиндигине жана жалпы коомчулук үчүн маанилүү маселелердин ачык талкууланышына «олуттуу коркунуч» жаратарын белгиледи.

«Биригүү эркиндигин жана адамдын башка да укуктарын коргоо демократия үчүн негизги мааниге ээ. Эгер мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы жарандык коомго, укук коргоочуларга жана ЖМКга өтө терс таасирин тийгизет деп чочулайм», — деп билдирди бүгүн 7-февралда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Маттео Мекаччи.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта “чет элдик өкүл” деген атка конгон.

Долбоор парламенттин бардык комитеттеринде колдоо тапкан. Бүгүн 7-февралда ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмак, бирок күн тартибинен алынганы белгилүү болду.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.

Нарматова "бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок" экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн. (RK)