7-февраль: Акталган активист, абакта өз жанын кыйгандар, ХАМАСтын Газа боюнча планы

Ырыс Жекшеналиев.

7-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ырыс Жекшеналиев шаардык соттон да акталды

Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. 2023-жылы 4-декабрда райондук сот Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган. Прокуратура активистти актаган чечимге каршы 8-январда Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн. 2022-жылы Жекшеналиевге “Калайман башаламандык” беренеси менен айып тагылып, тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан. 21 жаштагы активист коюлган киненин баарын четке каккан.

Президент сөз эркиндиги бар экенин айтты

Президент Садыр Жапаров “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камакка алынган 11 журналист боюнча эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна жооп берди. Мамлекет башчы “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты. Садыр Жапаров ал эми бийликтин кемчиликтерин айтып, коррупционерлердин бетин ачкандардан пайда гана болорун кошумчалады. 16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин борбордогу №1 тергөө абагына камакка алган. Бишкек шаардык соту бул токтомдорду күчүндө калтырды. Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Иллюстрациялык сүрөт.

Караколдогу аскер бөлүгү текшерилип жатат

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге жасалган зордук-зомбулук тууралуу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын билдирүүсүнөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Аскер прокуратурасы текшерүү иштерин баштады. Жылдыз Асанакунова армияда жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу сын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Мамлекеттик чек ара кызматы анын билдирүүсүндөгү айыптар аныкталбаганын билдирди.

Беш жылда абактарда 23 киши өз жанын кыйды

Жаза аткаруу кызматы соңку беш жылда абактарда жазасын өтөп жаткан 23 киши суицидге барганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы “Азаттыктын” суроосуна жооп берген катында айтылат. Ага ылайык, жабык жайларда 2019-жылы үч, 2020-жылы бир, 2021-жылы жети, 2022-жылы жети жана 2023-жылы беш киши өз жанын кыйган. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергелгени кабарланды. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында 2020-2022-жылдар аралыгында Кыргызстанда жабык жайларда ар кандай жагдайда 151 киши каза болгонун айткан.

Reuters: ХАМАС Газа боюнча үч этаптан турган план сунуштады

Газа тилкесинде ок атууну токтотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жаткан ортомчулар ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ар бири 45 күндүк үч этаптан турган, жалпысынан 4 жарым айды камтыган планынын долбоорун колуна алышканын Reuters агенттиги билдирди. Агенттиктин кабарчылары долбоор менен таанышып чыккан, анын биринчи этабындагы 45 күндө ХАМАС барымтада кармап турган израилдик аялдарды, 19 жашка чейинки эркектерди, улгайгандарды жана оорулуулардын баарын бошотуусу, алар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана балдарга айырбашталары, Израил Газанын калктуу пункттарынан аскерлерин чыгарып кетиши керек болору жазылган. Экинчи этап тараптар толук тынчтыкка жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрүн аяктагандан кийин гана башталат жана анда барымтада калгандардын баары бошотулуп, Израил Газадан толук чыгып кетиши керек. Ал эми үчүнчү этапта барымтада каза болгондордун сөөгү өткөрүлүп берилет. Пландын долбоору ортомчуларга: Египет менен Катарга тапшырылганы кабарланды. 28-январда Парижде АКШнын, Катардын, Египеттин жана Израилдин өкүлдөрү жолугушкан.

Украинада мобилизация мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Рада өкмөт сунуштаган мобилизация маалындагы аскердик каттоо жана аскерге чакыруу эрежелерин тактоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Оппозициялык "Европа тилектештиги" жана "Батькивщина" фракциялары аны колдогон жок. Экинчи окуу 21-февралга белгиленди, документ кабыл алынса апрелде күчүнө кирет. Мыйзам долбооруна ылайык, аскерге чакыруу азыркыдай 27 эмес, 25 жаштан башталат. Чакыруу кагазын алып, бирок аскердик комиссариатка барбай койгондордун машина айдоо укугу чектелип, банк эсеби бөгөттөлөт. Аскердик каттоого чет жакта жашаган украин жарандары да турууга милдеттүү. Чакыруу электрондук түрдө да жөнөтүлө баштайт, ал мыйзамдуу болуп эсептелет. Документ боюнча негизги баяндамачы, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы, кызматтан алынышы ыктымалдыгы айтылып жаткан Валерий Залужный парламенттик отурумга катышкан жок. 6-февралда Украинада согуштук абал жана аскердик мобилизация мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Пакистанда шайлоо алдындагы жарылуулар 24 адамдын өмүрүн алды

Пакистанда шайлоого бир күн калганда Белужистан провинциясында парламенттин төмөнкү палатасы - Улуттук ассамблеяда жарылуу болуп, кемине 24 адамдын өмүрү кыйылды. Эки жолку жарылууда ондогон адам жараат алды. Кол салууну ким уюштуруп, ишке ашырганы азырынча белгисиз, жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бийлик соңку айлары бир нече жолу чабуул уюштурган "Пакистан Талибаны" кыймылын жана Белужистандагы айрым жикчил топторду айыптап, шайлоо бекеттериндеги коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. 8-февралдагы парламенттик шайлоого 44 партия катышууда. Алардын арасынан үч партия негизги атаандаштар: абактагы экс-премьер-министр Имран Хандын Tehreek-e-Insaf партиясы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистандан мусулман лигасы" партиясы жана мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун атасы негиздеген "Пакистан элдик партиясы".