Согушту жана Кремлди сындаган орус жазуучусу Акунинди камоо тууралуу чечим чыкты

Борис Акунин.

Орусияда сот Кремлди сындап, Украинага кол салуусун айыптаган жазуучу Борис Акунинди (Григорий Чхартишвили) «терроризмге чакырган жана армия тууралуу фейк маалымат жайылткан» деген айыптын негизинде камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарды.

Бүгүн 6-февралда Москванын Басман райондук соту аны Орусиянын аймагында кармалган же өлкөгө экстрадицияланган күндөн тартып эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Акунинге каршы кылмыш иши былтыр декабрда козголуп, Росфинмониторинг мекемеси аны террористтердин жана экстремисттердин тизмесине, өлкөнүн Юстиция министрлиги чет элдик агенттер реестрине киргизишкен. Ошол эле учурда ага эл аралык издөө жарыяланган.

Жазуучунун китептерин чыгарып жүргөн басмаканаларда тинтүү жүргүзүлүп, айрымдарынын иши токтотулган, кээ бир дүкөндөрдө жазуучунун китептери сатыктан алынган, анын чыгармаларынын негизинде коюлуучу спектаклдер да коюлбай калган.

Борис Акунин 2014-жылдан бери Лондондо жашайт. Ал Орусиянын 2022-жылы Украинага кол салганын, 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алганын ачык сындаган.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салган. Бийликти сындаган бир катар ири саясатчылардан тартып катардагы жарандарга чейин түрдүү куугунтукка кабылып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Серб Республикасынын президентинин иши сотто карала баштадыАзия кубогу: Катардын дымагы, чемпиондукту эңсеген Иран“Баламды коңшунун уулу кордоду”. Бүтпөгөн сот, адилеттик издеген энеБишкекте милиция кызматкери асынган абалда табылды