Серб Республикасынын президентинин иши сотто карала баштады

Милорад Додик (борбордо). 2024-жылдын 5-февралы.

Босния жана Герцеговинада бул өлкөнүн курамындагы Серб Республикасынын президенти Милорад Додиктин сот иши карала баштады. Борбор калаа Сараеводо 5-февралда өткөн сот отурумунда айыптоо корутундусу окулуп, Додик эл аралык тынчтык чабарманынын чечимин тоготпой койгон деген жүйө келтирилди. Буга чейин анын жактоочуларынын түрдүү өтүнүчтөрүнөн улам соттук териштирүү төрт жолу улам башка күнгө которулуп келген.

Эгер сот Додик Босния жана Герцеговина боюнча эл аралык жогорку чабарман, башкача айтканда, тышкы башкаруучу Кристиан Шмидтин чечимдерине баш ийүүдөн баш тартканы үчүн айыптуу деп тапса, ага алты айдан беш жылга чейинки жаза мөөнөтү чегерилип, коомдук милдеттерди аткарууга тыюу салынышы ыктымал.

Айыптоо корутундусунда айтылгандай, Додик Шмидтин мыйзамдары юридикалык күчкө ээ экенин билип туруп, аларды жокко чыгаруу тууралуу жарлыктарын чыгарган.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта экени айтылып келе жаткан саясатчынын соту боюнча кийинки отурум 6-мартка дайындалды.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

1992-1995-жылдары мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган, миллиондогон адам үй-жайсыз калган.

Согуштун басылышына 1995-жылдын 21-ноябрында АКШнын Огайо штатындагы Дейтон шаарында Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен Сербия, Босния жана Герцеговина, Хорватия кол койгон келишим негиз болгон.

Бул келишимдин аткарылышын көзөмөлдөп туруу үчүн Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) Босния жана Герцеговина боюнча жогорку өкүлү (чабарманы) деген кызмат түзүлгөн. Бул кызматты азыр Шмидт аткарууда. (RK)

Дагы караңыз

Азия кубогу: Катардын дымагы, чемпиондукту эңсеген ИранБишкекте милиция кызматкери асынган абалда табылдыМедиа: Талаштуу ЖМК мыйзамы, 24.kg агенттигинин иши11 журналист 13-мартка чейин абакта калды