Беларуста мурда полицияда иштеген беш киши камакка алынды

Беларус. Архивдик сүрөт.

Беларуста күч органдары мурда полицияда иштеген беш кишини кармап кетишкенин бүгүн 5-февралда "Вясна" укук коргоо борбору билдирди. Маалыматта айтылгандай, 2020-жылы нааразылык акциясына чыккандарды күч менен баскан полициянын мындай жосунун сындаган видеокайрылуу жарыялаган беш киши өткөн аптада кармалды.

Видеосунда алар президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип акцияга чыккандарды полиция мыкаачылык менен кубалап таратканын айыпташкан.

Игорь Кисляк, Вячеслав Ильич, Андрей Дорошко, Виталий Попроцкий жана Дмитрий Удовин 31-январда кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынганы белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн. (RK)

Дагы караңыз

"Грэмми": Тейлор Свифттин жаңы рекорду, "Барбинин" жеңишиКечки Азаттык (3-чыгарылыш)11 журналист 13-мартка чейин абакта калды Казакстанда өкмөт толук курамда иштен алынды