Казакстанда өкмөт толук курамда иштен алынды

Алихан Смаилов.

Казакстанда бүгүн 5-февралда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен өкмөт толук курамда отставкага кетирилди. Акорданын сайтында маалымдалгандай, премьер-министрдин ишин убактылуу аткаруу милдети Роман Склярга жүктөлдү, өкмөттүн жаңы курамы бекигенче азыркысы иштей берет.

Роман Скляр.

Кызматынан алынган Алихан Смаилов казак өкмөтүн жетектөөгө эки жыл мурдагы кандуу Январь окуясынан соң жүргүзүлгөн кадрдык дайындоолордон кийин киришкен. Ал эми бүгүн отставкага кетирилген министрлер кабинетинин курамы былтыр сентябрда түзүлгөн.

Роман Скляр буга чейин өкмөт башчынын биринчи орун басары болчу.

Өкмөттү алмаштырууга эмне негиз болгону айтылган жок. (RK)

Дагы караңыз

Израил Газада ондогон террорчу жок кылынганын билдирдиКыргызстанда ККМ колдонгондор үч жылда төрт эсе көбөйдүАба ырайы: Кыргызстанда жаан-чачын жаабайтКыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алган