Израил Газада ондогон террорчу жок кылынганын билдирди

Газа сектору. 2024-жылдын 4-февралы.

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын улантып, түштүк тараптагы Рафах жана Хан-Юнис шаарларында артиллерия менен чабуул жасап жатканын бүгүн 5-февралда France-Presse агенттиги күбөлөргө таянып маалымдады.

ЦАХАЛ (Израил армиясы) ал жакта октябрдагы террордук чабуулду уюштурган ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) жетекчилери жашынып турганын, ошолорду жок кылуу боюнча максаттуу операциясы уланып жатканын, «ондогон террорчу» өлтүрүлгөнүн билдирди.

Газа секторунда ХАМАСтын жалпысынан 24 согушкер тобунун 17си жок кылынганын 4-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирген:

«Негизги максат - ХАМАСты жок кылуу. Бул үчүн үч нерсе зарыл - ХАМАСтын батальондорун талкалоо, андан кийин тазалоо иштерин жүргүзүү жана көмүскө иштеп жаткан элементтерди таап, тазалоо. Биз аларга да жетебиз».

5-февралда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулоо үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аймакка барып, араб мамлекеттеринин башчылары менен кезектеги сүйлөшүүлөрүн өткөрө баштады.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда ККМ колдонгондор үч жылда төрт эсе көбөйдүАба ырайы: Кыргызстанда жаан-чачын жаабайтКыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алганОрусияда шайлоого аттанган Надеждин топтогон колдордун 15% жаратпай коюшту