"Грэмми" сыйлыгын алгандар Газадагы согушту токтотууга чакырышты

Тейлор Свифт "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде. 5-февраль 2024-жыл

АКШнын Лос-Анжелес шаарында атактуу "Грэмми" музыкалык сыйлыгынын ээлери аныкталып, 5-февралга караган түнү тапшыруу аземи өттү.

Тейлор Свифттин Midnights ырлар жыйнагы өткөн жылдын мыкты альбому деп табылды. Свифт бул номинацияда төрт статуэткасы бар алгачкы ырчы болуп калды.

Ырчы быйыл апрелде The Tortured Poets Department аттуу жаңы альбому чыгарын билдирди.

Билли Айлиштин "Барби" тасмасы үчүн жазылган What Was I Made For? аттуу чыгармасы "Жылдын ыры" номинациясына татыктуу болду.

Чейрек кылымдан бери кинолор үчүн жазылган ырлар бул номинацияда жеңишке жеткен эмес. Акыркы жолу Селин Дион 1999-жылы "Титаник" фильминдеги My Heart Will Go On чыгармасы үчүн бул сыйлыкты алган.

"Мыкты үн жаздыруу" жана "Мыкты жеке поп-аткаруу" номинациясында Flowers аттуу феминисттик ыры менен Майли Сайрус жеңүүчү деп аталды. Бул 31 жаштагы ырчынын карьерасындагы алгачкы статуэтка болуп калды.

Виктория Моне "Жылдын мыкты жаңы аткаруучусу" деп табылды. Ал R&B альбом номинациясында да жеңди.

"Грэмминин" үч номинациясында жеңүүчү болгон кыз-келиндердин Boygenius тобунун мүчөлөрү сахнага Газа тилкесиндеги ок атууну токтотуу чакырыгы жазылган төш белгилерди тагып чыгышты. Ырчы Энни Ленокс ушундай эле чакырык жасады.

"Артисттер ок атууну токтотууну колдойт. Дүйнө жүзүндө тынчтык болсун", – деди ал.

"Грэмми" сыйлыктарын америкалык үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет. Ал 80ден ашуун категорияда берилет.

Дагы караңыз

Украина фронтто 78 жерде кагылышуу болгонун билдирди Кыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алганБишкек шаардык соту дагы үч журналистти камакта калтырды