Прокуратура Алматыда камалган кыргыз ишкерине беш жыл сурады

Эрмек Маркабаев.

Алматыдагы “Алтын ордо” базарынын жетекчисинин мурдагы орун басары, камактагы кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди прокуратура беш жылга абакка кесүүнү сурады. Маркабаевдин иши 1-февралда Карасай райондук сотунда каралды. Отурумда Маркабаев акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыптарды четке какканын анын уулу Алтынбек Маркабаев “Азаттыкка” билдирди.

Кийинки соттук отурум 5-февралга белгиленип, анда судья чечимин жарыялайт.

Алматыдагы ири базарлардын бири «Алтын Ордонун» аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен, ошондон бери ал Алматынын тергөө абагында отурат.

“Алтын Орда” базарын бир топ жыл мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болотко тиешелүү компаниялар башкарып келген. 2022-жылкы Январь окуясынан кийин президент Токаев бул базарды иретке келтирүү тууралуу атайын тапшырма берген соң, кожоюндары алмашкан. Ошондон бери базардын айланасындагы чуу басылбай келет. Мурдагы ээлери азыркыларын "базарды рейдерлик жол менен басып алды" деп айыптаган.

Маркабаевдин маселеси былтыр сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 22-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын, иликтөөдө эл аралык укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал базарды тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөндүү жагдайлар бар экенин “Азаттыкка” билдирген.

Дагы караңыз

Грузияда бийликтеги партия премьер-министрликке талапкерин жарыяладыАлсу Курмашеванын абак мөөнөтү дагы эки айга узардыАбактагы саясатчы Асановдун жубайы жолдошуна экинчи операция жасатуу керек экенин билдирдиШаардык сот журналист Айке Бейшекееваны камакта калтырды