Грузияда бийликтеги партия премьер-министрликке талапкерин жарыялады

Ираклий Кобахидзе.

Грузиянын «Грузин кыялы» башкаруучу партиясы бүгүн 1-февралда премьер-министрликке талапкер кылып лидери Ираклий Кобахидзени көрсөттү. Буга чейинки өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили кызматынан кеткенин 29-январда жарыялаган. Анын ордун Кобахидзе ээлеши мүмкүн экени ошондо эле айтылган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Кобахидзенин премьер-министрликке талапкерлигин «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү, мекенине декабрь айында партиянын ардактуу төрагасы катары кайтып барган Бидзина Иванишвили көрсөттү.

Ираклий Гарибашвили Грузиянын премьер-министри болуп 2021-жылдын февралында дайындалган. Бул кызматты ал 2013–2015-жылдары да ээлеген. Ошол эле жылдары «Грузин кыялы» партиясынын төрагасы болгон.

Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

Парламенттик шайлоо бул өлкөдө 2024-жылдын октябрында өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Алсу Курмашеванын абак мөөнөтү дагы эки айга узардыШаардык сот журналист Айке Бейшекееваны камакта калтырдыАбактагы саясатчы Асановдун жубайы жолдошуна экинчи операция жасатуу керек экенин билдирди"Журналисттердин ишин, сөз эркиндигин чектейт". Жарандык коом ЖМК мыйзамына тынчсызданууда