1-февраль: Элчиликтин машинеси кабылган кырсык, абакта калган журналист, Назарбаевдин эстелиги

Айке Бейшекеева Бишкек шаардык сотунда. 1-февраль, 2024-жыл.

1-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Айке Бейшекееваны камакта калтырды

Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееваны 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлору, “Арча медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап, сот аларды эки айга камаган. Журналисттер 10 күндөн ашык милициянын убактылуу кармоочу жайында жатып, 29-январда гана тергөө абагына которулду. Журналисттердин адвокаттарынын аппеляциялык арызы шаардык сотто 5-февралга чейин каралат. Милиция журналисттерге “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгосо, камалган журналисттер айыпты четке кагып жатышат.

Кытай элчилигинин машинелери кырсыкка кабылды

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Кырсык Манас проспектисиндеги Орусиянын элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрдү. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык тууралуу кенен маалымат бере элек.

Элчиликтин кырсыкка кабылган автоунаасы. 1-февраль, 2024-жыл.

Москвадан кармалып келген келин

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн 37 жаштагы Каныкей Аранованы УКМКнын кызматкерлери Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келгени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын эжеси Ырысгүл Аранова билдирди. Анын сөзүнө караганда, сиңдиси Бишкекке 1-февралда таңга жуук жеткирилген. Аны менен кошо 11 жаштагы кызы да келгенин айтты. Каныкей Аранова 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими боюнча Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренеси менен 30 саатка коомдук иштерге тартылган. УКМК азырынча бул иш боюнча маалымат тарата элек.

Көлбаевдин кудасы эркиндикке чыкты

Былтыр 4-октябрда атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кудасы Рустам Турдиев эч жакка чыкпоо тил каты менен УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 23-январда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Былтыр октябрда кармалган Турдиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып коюлганы маалым болгон. Рустам Турдиев - Камчы Көлбаевдин кудасы. Анын 23 жаштагы уулу Руслан үч жыл мурда Көлбаевдин кызы Эркеайымга үйлөнгөн.

Алсу Курмашеванын абак мөөнөтү дагы эки айга узарды

Казанда сот төрт айдан бери тергөө абагында отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Алсу Курмашеванын камак мөөнөтүн 5-апрелге чейин узартты. Сот отуруму жабык өттү, ага адвокаттар, прокурор жана тергөөчү гана катышты. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Стивен Капус "Орусиянын бийлигинин негизсиз кармалган Алсу Курмашеваны куугунтуктоо аракети айыптоого жатат. Аны түрмөгө камап, америкалык журналист болгону үчүн гана адилетсиз мамиле жасап жатышат”, - деп айтты. Прагада жашаган Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк себептен улам Казанга барганда кармалган.

Евробиримдик Украинага 50 млрд евро бөлөт

Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишель биримдиктин 27 өлкөсү бул чечимди колдогонун айтты. Брюсселдин шаркеттин бюджетинен Украинага 50 миллиард евро бөлүү тууралуу чечимине Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бөгөт койгон. Европа Биримдиги эгер венгр өкмөтү Украинага берилчү жардамга кайрадан каршы чыга турган болсо Будапештке экономикалык чара көрүлүшү мүмкүн экенин 29-январда Financial Times басылмасы жазган. Макалада айтылгандай, Евробиримдиктин катаал чара көрүүгө даярдыгы жөнүндө документ иштелип чыккан.

Казакстан: Прокуратура кыргыз ишкерин беш жылга кесүүнү сурады

Алматыдагы “Алтын ордо” базарынын жетекчисинин мурдагы орун басары, камактагы ишкер Эрмек Маркабаевдин иши Карасай райондук сотунда каралды. Отурумда Маркабаев акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыптарды четке какканын анын уулу Алтынбек Маркабаев “Азаттыкка” билдирди. Ишкерди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен, ошондон бери ал Алматынын тергөө абагында отурат. Былтыр жайында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин укугун коргоо жана иликтөөдө эл аралык укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал базарды тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөндүү жагдайлар бардыгын “Азаттыкка” билдирген.

Назарбаевдин Улуттук музейдеги эстелиги алынды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы Улуттук музейдин кире беришинде турган чоң эстелиги алынганын "Азаттык" радиосунун казак кызматы жазды. 2018-жылы орнотулган эстеликти музейдин басма сөз кызматы билдиргендей, кампага которушкан. Эстеликтин жанындагы Назарбаевдин тартылган чоң сүрөтү да алынып, Төбөлсүздүк залына которулганы белгилүү болду. Экс-президенттин кеңсеси бул тууралуу комментарий бере элек.

Назарбаевдин эстелигинин ордунда азыр санарип экран турат

Буга чейин Назарбаевдин Коргоо университетиндеги, Астанадагы Улуттук университеттеги эстеликтери да алынган болчу. Назарбаевдин 2019-жылы бийликтен кеткенден кийин да сакталып калган көптөгөн ыйгырам укуктары, наамдары 2022-жылдагы кандуу Январь окуясынан кийин кыйла кыскартылган.