БУУнун Газадагы качкындар боюнча агенттигинин иши токтосо кесепети оор болору эскертилди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Газадагы палестиналык качкындар боюнча агенттигин каржылоо токтосо “кесепети катастрофалык болорун” бүгүн 31-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус «Бир дагы башка уюмда Газа секторундагы чукул жардамга муктаж 2,2 миллион кишиге ошончолук масштабдуу жана кеңири жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок», – деп билдирди жана каржылоо маселесине байланыштуу айтылган соңку билдирүүлөрдү кайра карап чыгууга чакырды.

Израилдин чалгын кызматынын былтыркы октябрдагы кандуу окуяга БУУнун UNRWA (Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу) агенттигинин кызматкерлеринин катыштыгы тууралуу алты беттен турган баяндамасында жалпысынан 190 киши боюнча сөз болгонун 29-январда Reuters агенттиги билдирген.

Reuters айрым өлкөлөрдүн UNRWA уюмун каржылоосун токтото башташына себеп болгон бул баяндама менен таанышып чыкканын, анда уюмдун 190го жакын кызматкери, арасында мугалимдер ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) же «Ислам жихадынын» согушкери болгону тууралуу маалымат бар экенин, алардын 11инин аты-жөнү жана сүрөтү тиркелгенин жазган.

26-январда аталган уюм бир нече кызматкерин иштен кетиргенин, себеби алар 7-октябрдагы кол салууга катышкан болушу ыктымал деп айыпталып жатышканын маалымдаган. Агенттик коюлган айыпты четке кагып, ал жардам берүү менен гана алектенерин айткан.

Бул окуядан кийин агенттиктин АКШ жана Германия баштаган ири донорлору, жалпысынан ондон ашуун өлкө аны каржылоону токтоторун айтып чыгышкан.

БУУнун UNRWA агенттиги 1948-жылы негизделген. Газа секторунда анын 13 000 өкүлү иштейт. (RK)

Дагы караңыз

Көлбаевдин өлүмү, журналисттерди жапырт камоо. Башкы прокурор айткан сандар Газа: Израил аскерлери ХАМАСтын туннелдерине суу толтурду "Салт-санаага, эне тилге күйүп жүрдү". Эл жазуучусу Мелис Абакиров акыркы сапарга узады "Эмдөөдөн баш тартуунун кесепети тийип жатат". Дүйнөдө кызамык күч алды