Жатык тилдүү жазуучу
Белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Мелис Абакировдун дүйнөдөн өтүшү кыргыз маданиятын оор жоготууга учуратты. Ал өз доорунун чыгаан калемгерлеринин бири эле. Замандаштары аны көркөм чыгармачылыкка өтө астейдил, жоопкерчиликтүү мамиле жасаган калемгер катары сыпатташат.
Белгилүү адабиятчы, профессор Курманбек Абакиров замандашын аз болсо да саз жазган калемгер эле деп эскерди:
“Мелис Абакировдун бардык чыгармаларын чогултса, 4-5 эле том болсо керек, менимче. Ал нукура көркөм адабияттын маңызы стилге байланыштуу деп көп айтчу. Көркөм чыгарма журналисттик иликтөө же публицистикалык макала болбогондон кийин, көркөм сөз искусствосунун деңгээлине жеткиргендей жазыш керек дечү. Анан ошол талаптардын бардыгын өзүнүн чыгармачылыгында сактаган киши. Анын кайсы аңгемесин же повесттерин алсак да, муну баамдайбыз. Жазуучунун тили ушунчалык жатык, шөкөттөлгөн, көркөмдөлгөн стилге ээ. Кыргыз тилинин байлыгын ачып берүүгө абдан умтулган”.
Мелис Абакировдун адабий айдыңдагы чыйыры 1978-жылы "Жаштык рапсодиясы" аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы чыккандан башталат. Бирок өлкө эгемендикке жеткенден кийинки жылдары жигердүү иштеди.
Анын кыргыз тилинде "Жинди сабыр", "Канталамай", "Чоң энемдин жомогу", "Алмалуу бак", "Алчалуу төр", "Көкөй кести", "Барымта", "Эрөөл", "Сакадай бою сары алтын" жана башка аңгеме, повесть, романдары чыккан. Бир катар чыгармалары орус тилине ("Сказки моей бабушки", "Рапcодия молодости", "Герои эпоса "Манас", "Верблюд и мышь", "Азарт", "Детство в годы изгнания"), түркмөн тилине ("Энемиң эртекилери"), өзбек тилине ("Катагонда утган болалик") которулуп, жарык көргөн.
Мелис Абакиров да башка кыргыз жазуучуларындай эле өз чыгармаларында инсандык баалуулуктарды, улуттун нарктуулугун даңазалаган.
"Ортозаарлыкка чыдай алчу эмес"
Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Лайли Үкүбаева маркум калемгердин сөзгө балбандыгын, мунун менен катар көпчүлүк билген бетке чабар мүнөзүн сөз кылды:
“Биздин бай-манаптар, эл башчылары көптөгөн жылдар бою адабиятыбызда бир түстүү кара боёктор менен сүрөттөлүп келген. Мелис Абакиров аларды өтө реалдуулук менен сүрөттөп, алар жөнөкөй адам эмес экендигин, кыргыз билермандары акыл менен эл башкарганын, өзгөчө сөзгө маани берип, сөз менен маселе чечкенин жакшы ачып берген. Жазуучу Казат Акматов кезинде “биз башка темаларда жүрсөк, Мелис кыргыздын улуттук мүнөзүн, салт-санаасын жеткире жазып койгон жазуучу экен” деп баа берген. Чынында эле Абакиров кыргыздын нукуралуулугун жаңыча өңүттө сүрөттөдү. Айрыкча “Эрөөл” чыгармасында сөз өнөрүндөгү, өнөр дүйнөсүндөгү эрөөлдү жазган. Мелис ага ортозаарлык дегенге чыдай алчу эмес. Ал стилист катары ар бир сөздүн маанисин мыкты түшүнгөн чоң сүрөткөр эле, артыкчылыгы ушунда болчу. Азыр сөздүн баркын билген кишилер жыл өткөн сайын азайып баратат. Жазуучулар ичинде деле ошо. Абакиров эч убакта жасалмалуулукка жол берчү эмес. Өз чыгармаларын да кондициясына жеткирип анан чыгарчу. Сынга да терең карачу. Эгерде өз чыгармаларына бирөө түшүнбөй же өз деңгээлине жетпеген сын жазса, дароо эле кабыл албай, четке кагып койчу. Дегеле кыргыз адабиятына тиешелүү маселелер тууралуу сөз болгондо, дурусун дурус, бурушун буруш деп түз эле айтчу”.
Жазуучу аныгында эле соңку жылдары кайсы муундагы калемдештеринин китептери чыгып, бет ачары өтүп калса, активдүү катышып турчу. Алардын көбүнө сын-пикирин айтып, авторлорго жол көрсөтүп жүрдү. Кээде айрымдары менен пикири дал келбей чыртылдаша кеткен да учурлары болор эле.
Абакиров котормочулукта да өзүн сынаган. Ал Лев Толстойдун "Кумурска менен көгүчкөн" (тамсилдер), Хуан Рамон Хименестин "Платеро жана мен", Олег Шестинскийдин "Блокада новеллалары" (аңгемелер жана новеллалар), Арпад Генцтин "Майдан" (новеллалар, эсселер, пьеса) ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон.
Калемдештеринин айтымында, 80 жаштан өткөнчө күүлү-күчтүү жүргөн жазуучунун жакын арада эле котормолору “Улуу тоолор” басмаканасынан мамлекеттин колдоосунда китеп болуп чыкканы жаткан. Басууга берилер алдында өзү да бир орунда тура албай басмаканага каттап турган экен.
Лайли Үкүбаева калемгердин коомдук турмуштагы позициясын мындайча мүнөздөдү:
“Бир убактарда Абакировдун ата-энеси репрессиянын туткундары болуп, куугунтукка кабылып жүргөн да. Бул так анын жүрөгүндө калып калган окшойт. Ошондуктан негедир саясатка ачык киришип, өлкөдөгү окуялар тууралуу көп нерсени ачык айтчу эмес. Бирок чыгармаларында подтекст менен позициясын айткан учурлары бар. Айрыкча тарыхый темаларда жазылган чыгармаларында бүгүнкү күндөгү оош-кыйын абалды, бүгүнкү саясатта аксап жаткан калыстык тууралуу, карапайым элге оорчулук жараткан абалдарды абдан этият жазган”.
Жазуучу менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында өтүп, ага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, калемдештери, жакындары жана окурмандары катышты.
Калемгердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Маданият министрлиги президент Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик ишмерлердин атынан некролог жарыялады.
Анда "Улут сыймыгы, нагыз элдик жазуучу Мелис Абакировдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз" деп жазылган.
Мелис Абакировдун сөөгү 31-январда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
"Өз чындыгы бар эле"
Топурак салууга келген Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов аны минтип эскерди:
“Мелис Абакиров жазуучу, котормочулугунан сырткары өмүр бою басмада иштеген мыкты журналист да эле. Адабиятка баш оту менен кирген, өз чындыгы бар чыгармачыл инсан болчу. Журналистикада чынында өз доорундагыларга камчы салдырган жок. Көркөм чыгармалары да учурда окулуп жатат. Менимче, анын өз доору али келе элек. Алдыда дагы окулат деген ойдомун. Адам катары ак көңүл, жайдары, жакшы инсан эле. Бири-бирибизди сындап, ошол эле маалда бири-бирибизди колдоп турар элек. Жашы улуу болсо да жакын теңтуш элек. Оор жоготуу болду. Ушундай жакшы жазуучулар көп болсун. Ансыз да калкка кадыры өткөн калемгерлерибиз саналуу эле”.
Ал эми Мелис Абакировдун дагы бир замандашы, үзөңгүлөшү Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеев ал бул жалганда татыктуу өмүр кечирди дейт:
“Мелис экөөбүз замандаш эле эмес, дос да элек. Университетте чогуу окуп, бирге бүттүк эле. Адабиятты көп талашып талкууладык. Ал талашын далилдер менен кызытар эле. Ал көркөм дүйнөнү чыгармачылыкта пайдалана билген жазуучу. Мындан үйрөнүш керек. Ал кыргыздын эскирип, унутулуп бараткан салт-санаасы менен кошо тилине да күйдү. Себеби чыгарманын өзөгү тилде да. Эми Абакиров кыргыз адабиятынын тарыхында калат. Чыгармалары элге мурас болду. Кезинде жакшы кызматтарды аркалады, артына урпагын калтырды. Өзү 80 жаштан ашып, жакшы жашады.
Мелис Абакиров 1940-жылы Чүй районунун Бурана айылында туулган. Орто мектепти аяктап, 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин бир топ жыл өлкөдөгү белгилүү басылмаларда эмгек өтөгөн. Анын адабият, маданияттагы эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ардактуу наамы жана III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.