"Азаттыктын" казак кызматы кабарчыларды каттоо маселеси боюнча сотко кайрылды

Казакстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы (RFE/RL-Казакстан өкүлчүлүгү) Астана шаарынын район аралык административдик сотуна доо арыз менен кайрылды. Сотко 30-январда берилген доо арызда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлчүлүктүн кызматкерлерине аккредитация берүүдөн жана мөөнөтүн узартуудан баш тарткан чечимин мыйзамсыз деп таап, жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилди.

Быйыл 3-январда Казакстандын башкы дипломатиялык мекемеси өкүлчүлүктүн жалпысынан 36 кызматкерин каттоодон жана катталуу мөөнөтүн узартуудан баш таркан чечим чыгарганы белгилүү болгон. Өзүнүн жообунда министрлик журналисттер каттоосуз иштеп келишкенин белгилеп, айыппул салынганы тууралуу токтомду да жүйө келтирген. Андай айыппул салуу тууралуу чечимди административдик сот былтыр ноябрь айында Орусиянын “фейктер” жөнүндөгү мыйзамынын аналогу деп аталган беренеге таяп чыгарган.

Доо арызда ТИМ келтирип жаткан жүйөлөрдү негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилди, себеби журналисттер аккредитация алууга өз убагында кайрылышканы, бирок жооп болбогону, арыздар өз маалында каралбаганы белгиленди.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматынын 36 кабарчысына бул өлкөдө иштөөгө уруксат берилген эмес же урукстанын мөөнөтү узартылбай койгон.

Аларга аккредитация берүү же мөөнөтүн узартуу боюнча арыз 2023-жылдын сентябрында жана октябрында берилген, бирок жооп болгон эмес.

Октябрдын соңунда административдик иш алкагында Астананын адистештирилген район аралык административдик соту ишти соттук медиация тартибинде жөнгө салуу тууралуу чечим чыгарган. Ал чечимге ылайык, министрлик 27-декабрга чейин жообун бериши керек болчу. Бирок жооп 3-январда келген. Анда ТИМ кабарчыларга аккредитация бере албай турганын билдирген. Эми редакция бул чечимге байланыштуу сотко кайрылды. (RK)

Дагы караңыз

Кыйноолорду алдын алуу борбору абактагы журналисттерден кабар алды"Түрмөдө чирители деген ой жок". Бийлик журналисттерди "тарбиялагысы" келеби? АКШнын үч аскеринин өлүмүнө шектелип жаткан топ чабуулдарын токтоторун билдирдиМээге кадалган чип. Адамдын оюн окуса болобу?