Израил Газа боюнча жаңы сунушка макул экени кабарланды

Газа тилкеси. 2024-жылдын 24-январы.

Израил ортомчулардын Газадагы атышууну токтотуу тууралуу жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын 30-январда Би-Би-Си жазды. Маалыматта айтылгандай, ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) лидерлеринин бири Исмаил Хания жаңы сунуш түшкөнүн, аны Катарга барып талкуулай турганын айтты.

28-январда Франциянын борбору Париж шаарында АКШ, Катар, Египет жана Израил өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газадагы атышууну токтотуу жана барымтада турган израилдиктерди бошотуу тууралуу келишимге жетишүү ыктымалдыгы жогору экенин айткан.

«Өтө маанилүү, натыйжалуу иш жасалды. Келечекке реалдуу үмүт бар. ХАМАС өз чечимин айтышы керек, — деп билдирген Блинкен журналисттерге.

Буга чейин ХАМАСтын лидерлери Израилдин чабуулдары убактылуу эмес, таптакыр токтошун талап кылып жатышкан.

Ал эми Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы чабуулдарын улантууда. Өлкө жетекчилиги ХАМАСты толук жок кылмайынча ал токтобой турганын билдирген.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 киши хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

Дагы караңыз

Путин Түркияга февралда бара турганы айтылды "338 жер тилкеси эки ирет сатылган". Сокулукта тогуз киши жемкорлукка айыпталууда 30-январь: Мадумаровдун соту, эки комитет ЖМК долбоорун колдоду, Газа боюнча жаңы сунушЖемкорлукту адилет сот, ачык коом, иликтөөчү журналисттер жеңет