30-январь: Мадумаровдун соту, эки комитет ЖМК долбоорун колдоду, Газа боюнча жаңы сунуш

Кыргызстандагы журналисттер маалымат жыйында. Архивдик сүрөт.

30-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

ЖМК долбоорун эки комитет колдоду

Өкмөт сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттин дароо эки комитети - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура комитети колдоду. Документ кабыл алынса бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, каржы булагын көрсөтүшү керек болот. Комитеттердин жыйындарында айрым депутаттар мыйзам долбоору журналисттердин эркиндигин чектей турганын айтышты. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар да бул документ сөз эркиндигине кедергисин тийгизерин эскертип жатышат. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Мадумаровдун сотунда аткаминерлер көрсөтмө берди

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот уланды. Фракциянын катчылыгы сотто Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттин иш башкармасынын мурунку биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары көрсөтмө бергенин билдирди. Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеге байланыштуу протокол боюнча “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси, экинчиси Чыңгыз Абдымомунов аттуу адамдын арызы боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Мадумаров былтыр сентябрдан бери УКМКнын тергөө абагында жана ал коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Transparency International уюму жарыялаган Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрү

Кыргызстан жемкорлук боюнча рейтингде артка кетти

Эл аралык Transparency International (TI) уюму 2023-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 26 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга жайгашты. Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин, көрсөткүч алган упай менен эсептелинерин эскерткен. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Transparency International уюмунун рейтингинде 2022-жылы 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунга жайгашкан. Өлкө 2023-жылдын жыйынтыгы менен бир баскычка артка кетти.

Израил Газа боюнча жаңы сунушка макул экени кабарланды

Израил ортомчулардын Газадагы атышууну токтотуу тууралуу жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын Би-Би-Си жазды. Маалыматта айтылгандай, ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) лидерлеринин бири Исмаил Хания жаңы сунуш түшкөнүн, аны Катарга барып талкуулай турганын айтты. 28-январда Парижде АКШнын, Катардын, Египеттин жана Израилдин өкүлдөрү жолугушкан. «Өтө маанилүү, натыйжалуу иш жасалды. Келечекке реалдуу үмүт бар. ХАМАС өз чечимин айтышы керек", - деп АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен журналисттерге айтты. Буга чейин ХАМАСтын лидерлери согушту толук токтотууну талап кылган. Жөөт армиясы Газадагы чабуулдарын улантып, Израил бийлиги ХАМАСты толук жок кылмайынча согуш токтобой турганын билдирген.

Зеленский Орусиядан бир айда миңдей дрон жана ракета атылганын айтты

Украин президенти Владимир Зеленский X социалдык түйүнүнө "Ушундай террордук басымга туруштук бериш үчүн бизге аба мейкиндигибизди коргогон күчтүү калкан керек. Дал ошондой калканды биз өнөктөштөрүбүз менен бирге куруп жатабыз", - деп жазды. 1-февралдагы саммитте Европа Биримдиги Киевге «өз убагында, макулдашылган жана туруктуу аскердик жардамды улантууга» чечкиндүү макулдугун билдире турганы кабарланды. Евробиримдиктин элчилери Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн каражатты Украинаны калыбына келтирүүгө колдонуу боюнча Еврокомиссиянын сунушун алдын ала колдошту. Бул тууралуу Евробиримдиктин Бельгиядагы төрагалыгы билдирди. 2022-жылы февралда Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд долларлык резервинин четтеги эсеби жабылган. Санкцияга кабылган орус активдеринин басымдуу бөлүгү Европада.

Орусияда оппозиционер Владимир Кара-Мурзаны кайрадан шарты катаал айып изоляторуна которушту

25 жылга эркинен ажыратылган оппозиционер Владимир Кара-Мурза "абак эрежесин бузган" деген айып менен камералык типтеги өзүнчө жайга которулганы белгилүү болду. Адвокаты Мария Эйсмонт билдиргендей, аны түрмө кызматкерлери ойготкон учурда дароо тура калбаганы үчүн «чектен чыкты» деп айыптап, жазалоочу изоляторго 26-январда которушкан. Бул жайда эми ал төрт ай отурушу керек болот. Мамлекетке чыккынчылык, армия тууралуу фейк жана «туура эмес» уюмда иштеген деген айыптар коюлган саясатчы жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө. Саясатчы ар кандай себеп менен айып изоляторуна буга чейин да отуруп чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын эч негизсиз деп четка каккан.

Бишкекте жол кире кымбаттады

Бишкекте коомдук транспортто жаңы тариф күчүнө кирди. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом. Бишкекте буга чейин кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом болчу.