Кыргызстанда текшерилген 234 үйдүн 24үндө жашаганга болбойт деген тыянак чыккан

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долборлоо боюнча мамлекеттик институту жарым жылда 234 турак жайдын сейсмикалык коопсуздугун текшерген. Анын 24үндө жашаганга болбойт деген тыянак чыгарылган. Бул тууралуу аталган институттун жетекчиси Камчыбек Кенжетаев бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында билдирди. Ал текшерүүдөн өткөн курулуштардын арасында көп кабаттуу курулуштар, жер там жана социалдык объекттер дагы бар экенин белгиледи.

"Жер титирөө болсо чыдабайт дегендерди көчүрүүгө бердик. Көптөрүн күчөтүү сунушталды, бир тобун реконструкцияга бердик. Биз арыз түшсө ошонун негизинде гана текшере алабыз. Көптөрүн түз барып текшергенге укугубуз жок. Жашаганга болбойт дегендердин көбү эски үйлөр. Ал имараттын түзүмүнө дагы байланыштуу. Эң байкалганы - колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандар, эскирген же самандан салынгандар".

Кенжетаев Бишкекте ушундай курулуштар канча экенин тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын иши тууралуу маалымат укту. Комиссия былтыр жазында Түркиядагы алааматтан кийин түзүлүп, курамына депутаттар дагы кирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов комиссиянын ишине нааразылыгын билдирип, бул маселени кайрадан карап чыгууну сунуштады.

"Табигый кандайдыр бир апаат болсо туруштук берүү кыйын, бирок кепилдик берилген эрежелер бар да. Ошого жараша норма жана эреже колдонобуз. Ошонун аткарылышы боюнча так, тиешелүү органдардын күчү жетпей жатса, биргелешкен жумуштарды алып барыш керек. Азыртан алдын ала эскертип, кайсыл үйдө кооптуу жагдай бар, жарандар дагы, мамлекет дагы так анализди чыгарышыбыз керек. Биз алты үйдү текшерип, ошону менен чектелсек болбойт калат го. Эгер штат же убакыт жетпей, мүмкүнчүлүк жок болсо айтыш керек. Бул жалпы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалып жаткан иш. Бул баарыбыздын жоопкерчилигибиз. Силер бардыгы жакшы деп жатасыңар. Кийин бул маселени айтыштын кереги жок. Силердин жообуңар бизди канааттандырбай жатат".

Быйыл жыл башында өкмөт башчы Акылбек Жапаров курулуп жаткан жана жаңы курулган кабат үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугу төрт ай ичинде текшерилип чыгары жана жараксызы аныкталса, бузуларын билдирген.

Буга чейин мекемелер аралык комиссиянын курамына кирген депутат Медербек Алиев Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайлар көбөйгөнүн, алардын сапатына байланыштуу суроо көп экенин билдирген.

Кыргызстандын тарыхындагы адам өмүрү кыйылган эң катуу зилзала деп 1911-жылы Кеминде болгон жер титирөөнү аталып келет. Бул кырсык дүйнөлүк деңгээлде да эң коркунучтуу окуялардын катарына кирген. Күчү 10-11 баллга жеткен зилзалада 500 жүздөн ашуун адам каза болгон, бирок анда калктын да саны аз болчу. 2008-жылы октябрда Алайдын Нура айылында сегиз балга жеткен жер титирөө 75 адамдын өмүрүн алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Балыкчы: Осмонбаев эки айга камалып, Казаков тилкат менен чыктыCAS муз тебүүчү Валиеваны кызытма колдонгону үчүн төрт жылга спорттон четтеттиСыдыков Штефан Тарковичтин маселеси качан караларын айттыПрезиденттин маалымат катчысы Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышарын ырастады