УКМК Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имараты оңдолгонун билдирди

Сузак айыл өкмөтүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн кийин. УКМК тараткан сүрөт. 29-январь, 2024-жыл

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын өрттөгөндөр аныкталганын 29-январда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы 10-октябрда административдик имарат айыл өкмөттүн жана айылдык кеңешинин жооптуу кызмат адамдарынын акча каражатын уурдоо жана бир катар мыйзам бузууларын ырастаган документтерди жок кылуу үчүн өрттөлгөнү аныкталган.

Бул окуя боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдеп, кылмышты жасагандар аныкталбай келген. Ушуга байланыштуу былтыр август айында бул ишти УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы карай баштаган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында өрт коюуну уюштургандар аныкталып, камалган. Тергөөдө айыл өкмөттүн имаратына 6 миллион сом зыян келтирилгени такталып, анын орду толугу менен толтурулган. Бул каражат айыл өкмөттүн имаратын оңдоого жушмалган.

Административдик имарат 27-январда кайра ачылып, иштей баштады. Имараттын расмий ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Сузак районунун бийлик өкүлдөрү жана активдери катышты.

2021-жылы октябрда катталган өрт мекеменин көмүрканасынан чыкканы айтылган. Сузак айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы өрт мекеменин архив документтери сакталган жерден чыкканын айтып, бул атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп күмөн санаган. Өрт чыккандан бери айыл өкмөттүн кызматкерлери Сузак райондук Калкты тейлөө мекемесинин имаратында иштеп келген.

Дагы караңыз

Иорданияда дрон чабуулунан америкалык үч аскер набыт болдуТүркия БУУнун агенттигин каржылоону токтотуу чечимин карап чыгууга чакырды Иран үч спутникти ийгиликтүү учурганын билдирдиТеннис: Австралиянын ачык чемпионатын италиялык Синнер утту