Түркия БУУнун агенттигин каржылоону токтотуу чечимин карап чыгууга чакырды

Хан-Юнис шаарынан качкан газалыктар. 25-январь 2024-жыл

Түркия бир катар өлкөлөрдүн БУУнун Палестиналык качкындарга жардам берген агенттигин (UNRWA ) каржылоону токтотуу чечимине тынчсыздануусун билдирди жана бул кадамды карап чыгууга чакырды.

Түрк Тышкы иштер министрлиги 28-январда жасаган билдирүүдө акча берилбесе, "андан биринчи кезекте палестиналык карапайым кишилер жапа чегери" белгиленет.

“Татаал шартта иштеп жаткан UNRWA миллиондогон палестиналык качкындын өмүр сактоого жардам берип келатат. 7-октябрдан бери Израилдин соккуларынан Газада агенттиктин 150 кызматкери набыт болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Израил ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) 7-октябрдагы кол салуусуна агенттиктин 12 кызматкери аралашкан деп айыптагандан кийин тогуз өлкө, арасында АКШ, Британия, Германия жана башкалар териштирүү аяктамайынча акча бөлбөй турганын жар салышты.

БУУ иликтөө жүргөнүн, шек саналган тонуз кызматкер иштен кетирилгенин, бирөө каза тапканын, дагы экөөнүн аты-жөнү аныкталып жатканын билдирди жана айыптуулар жазаланат деп ишендирди.

Расмий маалымат боюнча Газада агенттиктин 13 миңдей кызматкери иштейт.

ХАМАС жетектеген тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги согуш башталган 7-октябрдан бери 26 миңден ашуун палестиналык каза тапканын, 65 минге жакыны жарадар болгонун ишембиде маалымдады. Израил бийлиги кол салууда 1 миң 200 киши набыт болгонун, 253 киши барымтага алынганын билдирген.

Жоочулардын чабуулунан кийин Израил радикал топко каршы согуш жарыялаган. Куралдуу кармаштардан улам бир миллиондон ашуун газалык жер которуп, башкалкалоочу жайларда жашоого мажбур болууда.