Иран үч спутникти ийгиликтүү учурганын билдирди

Спутниктерди учурган Simorgh ракетасы. 28-январь 2024-жыл (Ирандын Коргоо министрлиги тартакан сүрөттө ал кайда тартылганы айтылган жок)

Иран 28-январда космоско үч спутникти ийгиликтүү учурганын билдирди. Мамлекеттик ИРНА кабар агенттиги жазгандай, жабдыктар Simorgh ракетасынын жардамы менен учурулду. Буга чейин ошол ракета колдонулган учуруулар ийгиликсиз аяктаган болчу. Мамлекеттик телеканал Mahda, Kayhan-2 жана Hatef-1 спутниктери орбитага чыгарылганын маалымдашты. Маалыматта Mahda изилдөөчү жабдык, калган экөө наноспутник деп аталды. Бул тууралуу “Фарда” радиосу жазды.

Өткөн жумада Ирандын атомдук программасы тынч максаттарды гана көздөшү керек деген макулдашууга кирген европалык үч мамлекет Ислам жумуриятынын дагы бир ракета учуруусун айыптаган. Ишембиде Иран Qaim 100 деген ракета ташуучунун жардамы менен Soriya спутнигин орбитага учурганын жарыялаган.

Франция, Британия жана Германиянын биргелешкен билдирүүсүнө караганда, ошондой эле системаны Иран узакка учуучу баллистикалык ракеталарда колдонот. Ал мамлекеттер Тегеран БУУнун резолюцияларына жана эл аралык коомчулуктун талаптарына карабай ракета программасын кеңейтип жатканын белгилешти.

Ирандын бийлиги атомдук жана ракета программалары тынчтык максаттарын гана көздөй турганын айтып келатат.