Теннис: Австралиянын ачык чемпионатын италиялык Синнер утту

Янник Синнер жеңиштен кийин. Мелбурн, 28-январь, 2024-жыл

Италиялык теннисчи Янник Синнер Австралиянын ачык чемпионатын (Australian Open) жеңди. Финалда ал орусиялык Даниил Медведевге адегенде утулуп жатып, кийин оюндун нугун өз пайдасына бура алды. Синнер бул мелдешти уткан Италиянын алгачкы өкүлү болуп калды.

22 жаштагы спортчу Чоң шлемге кирген турнирдин жүрүшүндө белгилүү атаандаштарын, анын ичинде жарым финалда чемпионаттын былтыркы жеңүүчүсү, атактуу Новак Жоковичти утуп, сербиялык теннисчинин көп убакыттан берки үстөмдүгүнө чекит кое алган.

Бул жарышка чейин Синнер дүйнөлүк рейтингде төртүнчү, ал эми Медведев 3-орунда турган.

Бир күн мурда кыз-келиндер арасындагы финалда беларустук Арина Соболенко кытайлык Чжэн Циньвэнди жеңген.

Украинадагы согуштан улам, Орусия жана Беларустун спортчулары сөз болгон турнирге “бейтарап макамда” катышты. Ал өлкөлөрдүн аталыштары жазылбай, желектери менен гимндери расмий колдонулган эмес. Кийин жагымсыз окуядан кийин уюштуруучулар Орусия жана Беларустун желектерин стадионго да алып келүүгө тыюу салышты.