Украина армияга кетчү акчаны кымырган схеманын бетин ачты

Майдандагы артиллериялык дүрмөттөр. Украина, 14-январь, 2024-жыл (иллютрациялык сүрөт)

Украинанын Коопсуздук кызматы 100 миң даана дүрмөт сатып алууда 1,5 млрд гривна (40 млн доллар) кымырып алуу схемасы аныкталганын билдирди. Атайын кызматтын ишемби күнкү маалыматына караганда, 5 кишиге айып тагылды, бирөө чек арадан өтүүгө аракеттенгенде кармалды. Алардын күнөөсү далилденсе, 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иштин алкагында курал-жарак менен камсыздаган “Львов арсеналы” компаниясынын жетекчилеринин да жоопкерчилиги каралууда.

Иликтөө Киев Евробиримдикке жана НАТОго кошулуу жараянын тездетүү максатында коррупция менен күрөшүн күч алдырган маалда жүрүп жатат.

Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, 2022-жылдын августунда министрликтеги аткаминерлер артиллериялык дүрмөттөрдү сатып алуу келишимин түзүп, акчанын бир бөлүгүн чет жактагы коммерциялык уюмдун эсебине которгон. Бирок Украина бир да дүрмөт алган жок, каражат Балкандагы дагы бир структурага которулган.

Украинанын Башкы прокуратурасы акча өлкөнүн коргонуу бюджетине кайтарыларын билдирди.