Украина: Орусиянын соккусунан кийин беш кишинин сөөгү уранды алдынан чыгарылды

Донецк облусунун Нью-Йорк айылы.

Жекшембиге караган түнү Украинанын Полтава облусунда "Шахед" дрондору менен аткылоонун натыйжасында өндүрүш объектисинде өрт чыкты. Бул тууралуу Полтава облустук администрациясынын башчысы Филипп Пронин билдирүү таратып, окуянын жеринен сүрөт да жарыялап, жаракат алгандар жок экенин кошумчалады.

Ал эми ишенбинин кечинде Запорожье шаарына орусиялык учкучсуз учактар кол салганын облустук аскердик администрация башчысы Юрий Малашко Телеграм аркылуу кабарлады. Бир канча учкучсуз учактын мизи кайтарылып, бири "инфраструктуралык объектиге" тийген. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок.

Ал арада 15-январда Донецк облусунун Нью-Йорк айылында чабуулдан улам жабыркаган үйдүн урандыларынын астынан ишемби күнү беш кишинин сөөгү чыгарылды. Донецк облусунун облустук аскердик администрацияын башчысы Вадим Филашкин алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин айтты.

Соккунун алгачкы күнү 3 киши жабыркаганы айтылган. Уранды астында калгандарды издөө иши дээрлик эки жумага уланган.

23-январда эртең менен Орусия Украинанын бир катар аймагына, анын ичинде борбор калаа Киевге баллистикалык ракета менен жапырт чабуул койгонун украин бийлиги билдирген. Орусия бул чабуулдарга тиешеси жоктугун айткан.

Өткөн жекшемби күнү, 21-январдын таңында да Донецкиде артиллериялык чабуулдан кеминде 25 жай тургун мерт болгонун жергиликтүү бийлик кабарлаган.

2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган, муну өзү «атайын операция» деп атап келет.