Саламаттык сактоо тармагында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде 105 млн 999,8 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы атайын тараткан маалыматта айтылат.

Анда Саламаттык сактоо министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде 2022-жылы бюджетти аткарууда, мүлктү пайдаланууда, мамлекеттик сатып алууларда, эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин сактоодо мүчүлүштүктөр болгону жазылган.

"Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун материалдары укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү", - деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Эсеп палатасы 2021-жылы да Саламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузууларды аныктаган. Андагы сумма 29 млн. 215 миң сомду түзгөн.

Дагы караңыз

Иран үч спутникти ийгиликтүү учурганын билдирдиТүркия БУУнун агенттигин каржылоону токтотуу чечимин карап чыгууга чакырды Тажикстан орусча терминдерди өз тилине которууда