Ош: коюу туманга байланыштуу аба каттамдар кармалууда

Ош аба майданы.

Бүгүн, 27-январда "Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аэропортто түнкү саат 03:20дан тартып коюу туман каптап, каттамдар учпай турат. Аэропорт учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин 20-январда, 16-январда дагы аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча, Ош-Стамбул жана Стамбул-Ош багыттары боюнча авиакаттамдар токтотулганы кабарланган. Ошол маалда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калганы айтылган.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Балыкчы: окуучу кызды сүзүп кеткен окуядан кийин милициянын башчысы жана иниси иштен алынды Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан беш адам мүрт кеттиСокулукта үч бала көлмөгө түшүп кетип, чарчап калды Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз оор абалда экени кабарланды