Казакстанда чет өлкөлүк журналисттин ишин чектеген мыйзам колдоо табууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда өкмөттүн массмедиа боюнча жаңы мыйзам долбооруна чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана алардын журналисттерин каттоодон өткөрүү эрежелерине байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул тууралуу бүгүн 26-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы жазды.

Парламент депутаттары сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чет элдик ЖМКларды жана алардын кабарчыларын «Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда» деген негиз менен каттоого албай коюу укугу берилет.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса чет элдик кабарчыларга эгер тийиштүү аккредитациясы жок болсо Казакстандын аймагында журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат.

Чет элдик ЖМКлардын ишин соттун чечимисиз эле токтотуп коюуга да жол ачылат. Чектөөгө Тышкы иштер министрлиги аныктаган эреже негиз боло алат.

Мындай чектөөлөрдү казак депутаттары 25-январда көпчүлүк добуш менен колдошту. Онлайн форматта бир нече мүнөт эле созулган талкууга чет элдик ЖМК өкүлдөрү катыштырылган жок.

Маселени талкуулоо үчүн түзүлгөн жумуш тобуна депутаттардан тышкары министрликтердин, илимий коомчулуктун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 100гө жакын киши кирген.

26-январда өткөн онлайн-брифингде «Укуктук медиаборбор» уюмунун өкүлү Гүлмира Биржанова депутаттардын аккредитация боюнча сунуштарын комментарийлеп жатып медиаюристтер мындай өзгөртүүлөрдү жол берилгис деп эсептеше турганын билдирди.

«Мындай эреже каалагандай чечмелеп, тандалма мамиле жасоого жол ачат», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматынын 36 кабарчысына бул өлкөдө иштөөгө уруксат берилген эмес же урукстанын мөөнөтү узартылбай койгон. (RK)

Дагы караңыз

Эл аралык сот Израилге каршы арыз боюнча баштапкы чечимин жарыялады "Акшумкарлардын ийгилиги алдыда""Мыйзам бузулуп жатат". 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды Мурдагы аялын кескилеген Эстебесов 20 жылга соттолду