Эл аралык сот Израилге каршы арыз боюнча баштапкы чечимин жарыялады

Сот отуруму. 2024-жылдын 26-январы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту бүгүн 26-январда Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы арызы боюнча баштапкы чечимин жарыялады. Анда Израил Газадагы "геноцид" аракеттерин алдын алуу үчүн болгон чараларды көрүүгө, андай аракеттерге тиешеси барларды жазалоого жана сектордогу гуманитардык кырдаалды жакшыртууга милдеттендирилди.

Бирок, "ок атышуу токтотулсун" деген чечим болгон жок. Ошондой эле, сот Израил бир айдын ичинде бул чечимдин аткарылышы боюнча маалымат бериши керек деген бүтүмгө келди.

Бул күнү Түштүк Африка Республикасынын палестиналык жай тургундарды коргоо үчүн Израилге басым көрсөтүү боюнча чукул чаралар тууралуу гана талабы каралды, ал эми геноцид боюнча акыркы чечимди кабыл алууга бир нече жыл талап кылынышы ыктымал.

Талдоочулардын пикиринде, Эл аралык соттун териштирүүнүн баштапкы этабында эле Түштүк Африка Республикасын колдоп чыкканы Израилге каршы эл аралык санкцияларга алып келиши ыктымал.

Израил коюлуп жаткан айыпты четке кагууда. Бул өлкөнүн өкмөтүнүн расмий өкүлү Эйлон Леви 25-январда «Биз Эл аралык сот мындай жалган жана ойдон чыгарылган айыптоолорду четке кагат деп күтүп жатабыз», — деп билдирген.

Түштүк Африка мамлекети 29-декабрда БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

Дагы караңыз

"Мыйзам бузулуп жатат". 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды Мурдагы аялын кескилеген Эстебесов 20 жылга соттолдуКечки Азаттык (2-чыгарылыш)