Адам сатууга шектелген аялдар Түркиядан Өзбекстанга депортацияланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда адам сатууга шектелип издөөдө жүргөн эки аял Түркиядан Ташкентке депортацияланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы Дилноза Умаровага 2018-жылы, 41 жаштагы Мавлудахон Улмасовага 2017-жылы издөө жарыяланган. Экөө тең 10-январда Өзбекстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен операциясында кармалып, 24-январда мекенине депортацияланды.

Буга чейин түрк полициясы Чанаккал аймагында "сексуалдык эксплуатация максатында адам сатуу" айыбы менен Интерполдун издөөсүндө жүргөн Нилуфар Мирханова аттуу өзбек жараны кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы Мирханова Түркияга Орусиядан, Беларустан, Кыргызстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан кыз-келиндерди алып барып, ортомчулар аркылуу сойкуканаларга ишке орноштуруу менен алектенген. Ал быйыл 10-январда Ташкентке депортацияланган.

Дагы караңыз

Жаштарга жаккан аниме косплей деген эмне?Якутия: Мигранттар иштеген базар жабык, интернет өчтү"Башынан эле артыкчылык койгон". Мирзиёевдин Бээжин сапары эмне максатты көздөйт? Орусия: Кыйраган Ил-76 үчүн жоопкерчилик кимде?