Кремлчил блогерди өлтүрүүгө айыпталган аял 27 жылга кесилди

Дарья Трепова сот учурунда. Петербург. 25-январь, 2024-жыл

Петербург шаарынын аскердик соту кремлчил согуш блогери Владлен Татарскийди өлтүрүү иши боюнча айыпталган Дарья Трепованы 27 жылга колонияга кести. "Север.Реалии" сайтынын кабарчысы маалымдагандай, ал киши өлүмү менен коштолгон терактты ишке ашыруу, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана жалган документтерди жасоо үчүн күнөөлүү деп табылды. Прокуратура айыпталуучуну 28 жылга кесүүнү сураган.

Татарский өткөн жылы 2-апрелде Петербургдагы кафеде болгон жардыруудан мерт кеткен. Ондогон киши жарадар болгон. Трепова жардырунун алдында маркумга кутуга салынган айкелче тартуулаган. Тергөөчүлөр ага жардыргыч жабдык туташтырылган деп эсептейт.

Жабыркагандардын көбү Треповага каршы арыз бергени, 50 миллион рублга чукул кенемте талап кылышканы кабарланды.

26 жаштагы келин окуянын эртеси кармалып, ошондон бери СИЗОдо отурат.

Тергөөнун версиясына ылайык, ал Украинадан көзөмөл кылынган кылмыш тобунун мүчөсү болчу. Трепова Орусияда тыюу салынган Улуттук-большевик партиясынын мурдагы лидери, Украинада жашаган Юрий Денисовду кол салуунун уюштуруучусу деп атаган жана андан акча алганын, бирок айкелчеде жардыргыч зат бар экенин билбегенин айтып келди.

Сотто ал теракт жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү айыптарын четке кагууда.

Дагы караңыз

"Орусиянын саясаты". Сот Украинадагы урушка барган жаранды абактан бошоттуАлсунун абактагы 100 күнү: Эртең бардыгы башкача болот"Башынан эле артыкчылык койгон". Мирзиёевдин Бээжин сапары эмне максатты көздөйт? "Визарандын" жоюлушу, түйшүк тарткан келиндер