25-январда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашева Орусияда кармалганына 100 күн болду. Эл аралык медиа мекеменин президентинин милдетин аткаруучу Стивен Капус өз билдирүүсүндө: “Темир тор артында адилетсиз өткөргөн ар бир күн трагедия. АКШ жаранынын орус абагында 100 күн негизсиз кармалып турганы чектен чыккан иш”- деп айтты.
Капус орус бийлиги Курмашеваны шартсыз жана токтоосуз бошотууга тийиш деп белгилеп, АКШнын Мамлекеттик департаменти аны чукул арада “негизсиз кармалган” деп таанырына ишенерин белгилеген.
Журналисттин абакта 100 күн отурганын утурлай кесиптештери жана жакындары видео жаздырып, “Алсуну бошоткула” деп 38 тилде, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосу программаларын чыгарган 27 тилде үндөштү.
АКШнын жана Орусиянын жараны, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аэропорттон кармалып, атайын кызматтар анын эки паспортун тең алып коюшкан.
11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.
18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Орусияда мындай кине менен соттолгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин жазышты.
Ноябрдын соңунда сот анын камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарткан.
Журналисттин кармалышын бир катар өкмөттөр менен уюмдар айыптап, аны азат кылууну талап кылышты.
Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныды.
Дагы караңыз
Алсунун абактагы 100 күнү: Эртең бардыгы башкача болот"Визарандын" жоюлушу, түйшүк тарткан келиндер "Башынан эле артыкчылык койгон". Мирзиёевдин Бээжин сапары эмне максатты көздөйт?