Өзбекстан жана Кытай лидерлери Бээжинде сүйлөшүү өткөрдү

Шавкат Мирзиеев менен Си Цзинпин. Бээжин, 24-январь 2024-жыл

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кытайдагы сапары соңуна чыгууда. 24-январда Мирзиеев менен Кытайдын лидери Си Цзинпин сүйлөшүү өткөрдү. Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 14 миллиард долларга жеткени, жакынкы келечекте аны 20 миллиардга чейин көбөйтүү потенциалы бар экени белгиленди.

Си Цзинпин Кытай менен Өзбекстандын достугу өсүп жана тереңдеп баратканын айтты.

Маалыматка караганда, Мирзиеев инвестициялык долбоорлорду колдогон финансылык инструменттерди кеңейтүү, Кытайдын "Эксимбанкынын" регионалдык кеңсесин Ташкентте ачуу планын кубаттады. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салууну тездеттирүүнүн мааниси белгиленди.

Тараптар “бир Кытай” саясатын колдоодо позициялары өзгөрбөгөнүн бышыктады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 15 документке жана президенттердин бирдиктүү билдирүүсүнө кол коюлду.

Бээжинден кийин өзбек мамлекет башчысы Гуандун провинциясына жол тартты. Ал жерде өзбек-кытай ивестициялык форумуна катышмакчы.

Айрым аналитиктер белгилегендей, катаал саясий көзөмөлдү сактоо менен экономиканы ачуунун кытай модели Мирзиёев үчүн барган сайын жагымдуу көрүнүп баратат.